Ысык-Көлдө мыйзамсыз иштеген коомдук тамактануучу жайга айып пул салынды

Ысык-Көлдө мыйзамсыз иштеген коомдук тамактануучу жайга айып пул салынды

Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында архитектуралык-уруксат берүүчү документтери жок мыйзамсыз пайдаланылып келген коомдук тамактануучу жайга 200 миң сом айып пул салынды.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин маалыматына ылайык, мыйзам бузуу аймактагы курулуш объектилерин текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган.

Тактап айтканда, Кара-Ой айылынын Ж. Абдрахманов көчөсү 1к/1 дарегинде жайгашкан "Хан-Чатыр" коомдук тамактануучу жайы архитектуралык-уруксат берүүчү документтерисиз пайдаланууга берилгени белгилүү болгон.

Текшерүүнүн жыйынтыгында жооптуу тарапка карата административдик чара көрүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле мыйзам бузууларды жоюу боюнча жазуу түрүндөгү эскертүү берилди.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш иштерин жүргүзүүдө мыйзамдардын, курулуш ченемдеринин жана техникалык талаптардын так сакталышы милдеттүү экенин эскертип, бардык компанияларды жана жеке ишкерлерди мыйзам талаптарын сактоого чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан Кытайга дан азыктарын Торугарт аркылуу экспорттой баштайт

Кыргызстан Кытайга дан азыктарын Торугарт аркылуу экспорттой баштайт

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытайга болгон иш сапарында Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын министри Сунь Мэйцзюнь менен жолукту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, жолугушуунун негизги жыйынтыгы - Кыргызстандан Кытайга дан азыктарын Торугарт өткөрмө пункту аркылуу экспорттоого макулдашуу болду. Бул Чүй облусунун дыйкандары үчүн Кытай рыногуна чыгуунун жаңы

Ишкер Media
Ар бир этап көзөмөлдө: Кыргызстан менен “Росатом” “Кристаллдагы” кооптуу калдыктарды жок кылуу иштеринин коопсуздугун колго алат

Ар бир этап көзөмөлдө: Кыргызстан менен “Росатом” “Кристаллдагы” кооптуу калдыктарды жок кылуу иштеринин коопсуздугун колго алат

КРнын ӨКМи менен “Росатом” биргелишип Таш-Көмүрдөгү мурдагы “Кристалл” жарым өткөргүчтөр заводунда кооптуу калдыктарды жок кылуу долбоорун баштоого даярданып жатат. Иш этап-этабы менен жүргүзүлөт. КР ӨКМнин Калдыктарды башкаруу департаментинин директорунун орун басары Кылычбек Апиев объекттеги калган тобокелдиктер, колдонулуп жаткан тазалоо технологиялары жана коопсуздук чаралары жөнүндө айтып берди. Кылычбек Касымалыевич,

Ишкер Media
Ысык-Атада мектептин аймагында таштанды өрттөгөнү үчүн 23 миң сом айып салынды

Ысык-Атада мектептин аймагында таштанды өрттөгөнү үчүн 23 миң сом айып салынды

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында таштандыны мыйзамсыз өрттөө фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги кабарлады. Маалымдалгандай, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору Ишеналы Арабаев атындагы мектептин аймагында ишембилик учурунда топтолгон таштандылар өрттөлгөнүн катташкан. Аталган факты боюнча мектепке 23 миң сом айып пул салынды. Жетекчиликке экологиялык талаптарды сактоо

Ишкер Media
Кыргыз Республикасы БУУнун Киберкылмыштуулукка каршы конвенциясына кол койду

Кыргыз Республикасы БУУнун Киберкылмыштуулукка каршы конвенциясына кол койду

22-сентябрда Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасында КРнын Башкы прокурору Малик Бектурганов КРнын атынан Бириккен Улуттар Уюмунун Киберкылмыштуулукка каршы конвенциясына кол койду. Кол коюу БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында өткөрүлүп жаткан БУУнун 2026-жылдагы Келишимдик иш-чарасынын алкагында өттү. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык,

Ишкер Media