Бишкекте топографиялык иштерге санариптик технологиялар киргизилет

Бишкекте топографиялык иштерге санариптик технологиялар киргизилет

Бишкекте топографиялык-геодезиялык иштерди санариптештирүүгө багытталган жаңы программалык чечимдер талкууланды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаардык башкы башкармалыгында топографиялык-геодезиялык иштерди санариптештирүү боюнча “ТИМ КРЕДО” компаниясынын өкүлдөрү менен онлайн жолугушуу өттү.

Жолугушууга башкармалыктын начальнигинин орун басары Арсен Кыдыралиев, ГИС, топография жана шаар куруу кадастры бөлүмүнүн начальниги Иманбек Чороев жана тиешелүү адистер катышты.

Жолугушууда инженердик изилдөөлөрдүн маалыматтарын иштеп чыгууга, топографиялык пландарды даярдоого жана геомаалыматтарды башкарууга арналган "КРЕДО ТОПОГРАФИЯ" программалык комплекси тааныштырылды.

Белгиленгендей, бул программаны колдонуу топографиялык маалыматтарды иштеп чыгууну жеңилдетип, геомаалыматтык технологияларды өнүктүрүүгө жана шаар куруу тармагындагы иштердин натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Жыйынтыгында тараптар кызматташууну улантуу боюнча макулдашышты.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб 2027-жылдын бюджет долбоорун карады

МинКаб 2027-жылдын бюджет долбоорун карады

Министрлер кабинетинин жыйынында "2027-жылга жана 2028-2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджет" тууралуу мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев 2021-2025-жылдары экономика 47% өскөнүн, 2025-жылы ИДП 11,1%, ал эми 2026-жылдын 8 айында 11% түзгөнүн белгиледи.

Ишкер Media
Бишкекте 35 метр тереңдикте инженердик изилдөө жүрүүдө

Бишкекте 35 метр тереңдикте инженердик изилдөө жүрүүдө

Инженердик изилдөөлөр департаменти Бөкөнбаев көчөсү 137 дарегиндеги 14 кабаттуу административдик комплекс курула турган аянтта геологиялык изилдөө жасады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, адистер 35 метр тереңдикте бургулоо жүргүзүп, топурак үлгүлөрүн алышты. Лабораторияда топурактын физикалык-механикалык касиеттери аныкталып, бул маалыматтар имараттын долбоорун даярдоодо жана коопсуздугун камсыз кылууда колдонулат. Инженердик

Ишкер Media
Адылбек Касымалиев Улуу Британиянын соода өкүлү менен жолугушту

Адылбек Касымалиев Улуу Британиянын соода өкүлү менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Улуу Британиянын Борбор Азия жана Азербайжан боюнча соода өкүлү Лорд Джон Алдердайс менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди. Маалымдалгандай, Касымалиев Кыргызстан менен Улуу Британиянын достук мамилелери жана соңку жылдардагы кызматташтыктын активдешүүсүн белгиледи. Жолугушууда экономикалык жана инвестициялык кызматташтык, биргелешкен долбоорлор, финансы жана билим

Ишкер Media
2027-жылы кайсы тармакка канча акча бөлүнөт?

2027-жылы кайсы тармакка канча акча бөлүнөт?

Кыргызстанда 2027-жылга карата республикалык бюджеттин кирешеси 727,3 млрд сом деп пландалууда. Бул 2026-жылга салыштырмалуу 176,1 млрд сомго же 31,9%га көп. Анын ичинде салыктык кирешелер 634 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу кече Министрлер Кабинетинин жыйынында "Кыргыз Республикасынын 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык

Ишкер Media