Бишкектеги №28 мектепте мыйзам бузуулар аныкталып, директор кызматтан алынды

Бишкектеги №28 мектепте мыйзам бузуулар аныкталып, директор кызматтан алынды

Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Ленин районундагы №28 мектеп-комплексинде билим берүү жана финансылык мыйзамдардын талаптары бузулган учурлар аныкталды.

Прокуратуранын маалыматына ылайык, айрым педагогикалык кызматкерлердин билими ээлеген кызмат ордуна жана окуткан сабагына шайкеш келбегени белгилүү болгон. Ошондой эле мектеп директорунун орун басарынын педагогикалык билими жок экени же педагогикалык адистик боюнча кайра даярдоодон өтпөгөнү аныкталган.

Мындан тышкары, айрым кызматкерлерге эмгек милдеттерин иш жүзүндө аткарбаганына карабастан мыйзамсыз түрдө эмгек акы төлөнүп келгени белгилүү болду.

Текшерүүнүн жүрүшүндө мектепке чейинки бөлүмдө тарбияланып жаткан айрым балдар мекеменин эсептик документтерине киргизилбегени жана алар үчүн ай сайын төлөнүүчү каражаттар кассага кириштелбегени да аныкталды.

Аталган фактылар боюнча прокурордук чара көрүү актылары киргизилип, мыйзамсыз сарпталган акча каражаттары толугу менен бюджетке кайтарылды.

Жыйынтыгында мыйзам бузууга жол берген мектептин директору кызматынан бошотулду. Ошондой эле билими мыйзам талаптарына жооп бербеген директордун орун басары да ээлеген кызматынан алынды. Ал эми Ленин райондук билим берүү башкармалыгынын башчысынын тартиптик жоопкерчилиги боюнча маселе Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан каралууда.

Мындан тышкары окуңуз

DARYA долбоорунун алкагында кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү  талкууланды

DARYA долбоорунун алкагында кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү талкууланды

Агартуу министрлигинин өкүлдөрү менен “Борбордук Азиядагы жөндөмдүү жаштар үчүн диалог жана аракеттер” (DARYA) регионалдык долбоорунун эксперттеринин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда DARYA долбоорунун алкагында кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү, кесиптик стандарттарды өркүндөтүү, ошондой эле формалдуу эмес жана информалдык билим берүүнү таануу боюнча аткарылып жаткан иштер талкууланды. Мындан тышкары, Кыргызстанда 2024-жылдан тартып

Ысык-Көлдө куткаруучуларга 16 млн сомго атайын техника тапшырылды

Ысык-Көлдө куткаруучуларга 16 млн сомго атайын техника тапшырылды

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн 16 млн сомго куткаруучулар үчүн атайын техника жана заманбап жабдуулар алынып, ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди. Алардын арасында "Шакман" унаасы, эки снегоход, суу алдындагы дрон, квадрокоптер жана Starlink Mini бар.

Бишкек жана Сеул шаар башчылары өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту

Бишкек жана Сеул шаар башчылары өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту

Бүгүн Сеул шаарында (Корея Республикасы) Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен Сеул шаарынын мэри О Се Хундун жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу Садыр Жапаровдун Корея Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында Бишкек жана Сеул шаарларынын мэрлери эки борбор шаардын ортосунда боордош шаарлар мамилесин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү

Манаста 2 млн долларлык этти кайра иштетүүчү комплекс курулат

Манаста 2 млн долларлык этти кайра иштетүүчү комплекс курулат

Кыргызстанда этти кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө багытталган жаңы долбоор колдоого алынды. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) Манас шаарында заманбап эт кайра иштетүү комплексин куруу боюнча “Мираж” ЖЧКсы менен каржылоо келишимине кол койду. Долбоордун жалпы наркы 2 млн долларды түзөт. Анын ичинен РКӨФ өнөктөш банкы “Бакай Банк” аркылуу 900 миң $ каржылайт. Каражат