Чүй облусундагы жаңы мектептердин курулушуна мониторинг жүргүзүлдү

Чүй облусундагы жаңы мектептердин курулушуна мониторинг жүргүзүлдү

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы тарабынан Чүй облусунда курулуп жаткан бир катар билим берүү мекемелерине мониторинг жүргүзүлдү.

Ведомствонун маалыматына ылайык, мониторинг Токмок шаарындагы, ошондой эле Сокулук, Чүй жана Жайыл райондорунда курулуп жаткан мектептердин жаңы окуу корпустарын жана бала бакчаларды камтыды. Алардын арасында 100 орундуу бала бакча, ошондой эле 150дөн 750 орунга чейинки мектептер жана жаңы окуу корпустары бар.

Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш иштеринин долбоордук документацияга шайкештиги, курулуш ченемдеринин, техникалык регламенттердин жана мамлекеттик стандарттардын талаптарынын аткарылышы көзөмөлдөндү. Мындан тышкары, аткаруу-техникалык документациянын жүргүзүлүшү жана конструктивдик элементтердин долбоордук талаптарга ылайык аткарылышы да текшерилди.

Жыйынтыгында көпчүлүк объектилерде курулуш-монтаждоо иштери белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүлүп жатканы аныкталды.

Ошол эле учурда эки мектептин курулушун жүргүзүп жаткан "Монолит Строй" жана "Ак-Ат" ЖЧКларына курулуштун сапатын туруктуу көзөмөлдөө жана колдонулган курулуш материалдарын өз убагында лабораториялык текшерүүдөн өткөрүү боюнча сунуштар берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте командалык-штабдык машыгуу өттү

Бишкекте командалык-штабдык машыгуу өттү

Бишкек шаарынын Октябрь районунда өзгөчө кырдаалдар учурунда аракеттенүү боюнча командалык-штабдык машыгуу өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришити. Маалымдалгандай, иш-чара Жарандык коргонуу даярдыгынын планына ылайык уюштурулду. Машыгуунун темасы - аммиак сыяктуу уулуу зат сыртка чыгып кеткенде авариялык-техникалык топтун аракеттери. Машыгууга мэриянын аппарат жетекчиси Руслан Сапарбеков, Октябрь районунун акими Жолдош Чуштуков

Ишкер Media
Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасы боюнча инвестициялык долбоор талкууланды

Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасы боюнча инвестициялык долбоор талкууланды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу БАЭден келген делегация менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришити. Маалымдалгандай, делегацияны доктор Хумайд Аль Кааби жетектеди. Жолугушууда Кыргызстанда заманбап асыл тукум мал чарбасын түзүү боюнча инвестициялык долбоор талкууланды. Министрлик Кыргызстанда кең жайыттар, ыңгайлуу климат

Ишкер Media
Ноокатта 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернаты курулуп бүттү

Ноокатта 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернаты курулуп бүттү

Ош облусунун Ноокат шаарында 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернатынын курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылды. Мектеп-интернат эки кабаттуу эки окуу корпусунан, спорттук блоктон жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты – 1904,25 чарчы метр. Имаратта заманбап окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класс,

Ишкер Media
МинКаб 2027-жылдын бюджет долбоорун карады

МинКаб 2027-жылдын бюджет долбоорун карады

Министрлер кабинетинин жыйынында "2027-жылга жана 2028-2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджет" тууралуу мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев 2021-2025-жылдары экономика 47% өскөнүн, 2025-жылы ИДП 11,1%, ал эми 2026-жылдын 8 айында 11% түзгөнүн белгиледи.

Ишкер Media