Киров суу сактагычынан 600 метр мыйзамсыз балык уулоочу тор чыгарылды

Киров суу сактагычынан 600 метр мыйзамсыз балык уулоочу тор чыгарылды

Талас облусундагы Киров суу сактагычында жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө жалпы узундугу 600 метрге жакын мыйзамсыз синтетикалык тор табылып, суу сактагычтан чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Рейд "Айрым суу сактагычтарда балыкты өндүрмөлүк кармоого мораторий киргизүү жөнүндө" Министрлер Кабинетинин токтомунун талаптарынын аткарылышын камсыздоо максатында уюштурулган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзамсыз орнотулган, жалпы узундугу болжол менен 600 метрди түзгөн синтетикалык торлор аныкталып, суу сактагычтан чыгарылды. Аталган факты боюнча тиешелүү акт түзүлдү.

Министрликтин маалыматына ылайык, жыл башынан бери Киров суу сактагычында жалпысынан 13 рейд өткөрүлүп, 3050 метр синтетикалык тор жана 250 килограмм таштанды чыгарылган.

Белгиленгендей, синтетикалык торлор балыктардын табигый көбөйүшүнө тоскоолдук жаратып, суу экосистемасына олуттуу зыян келтирет. Ушуга байланыштуу министрлик жарандарды жаратылышты коргоо талаптарын так сактоого чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

Ноокатта 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернаты курулуп бүттү

Ноокатта 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернаты курулуп бүттү

Ош облусунун Ноокат шаарында 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернатынын курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылды. Мектеп-интернат эки кабаттуу эки окуу корпусунан, спорттук блоктон жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты – 1904,25 чарчы метр. Имаратта заманбап окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класс,

Ишкер Media
МинКаб 2027-жылдын бюджет долбоорун карады

МинКаб 2027-жылдын бюджет долбоорун карады

Министрлер кабинетинин жыйынында "2027-жылга жана 2028-2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджет" тууралуу мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев 2021-2025-жылдары экономика 47% өскөнүн, 2025-жылы ИДП 11,1%, ал эми 2026-жылдын 8 айында 11% түзгөнүн белгиледи.

Ишкер Media
Бишкекте 35 метр тереңдикте инженердик изилдөө жүрүүдө

Бишкекте 35 метр тереңдикте инженердик изилдөө жүрүүдө

Инженердик изилдөөлөр департаменти Бөкөнбаев көчөсү 137 дарегиндеги 14 кабаттуу административдик комплекс курула турган аянтта геологиялык изилдөө жасады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, адистер 35 метр тереңдикте бургулоо жүргүзүп, топурак үлгүлөрүн алышты. Лабораторияда топурактын физикалык-механикалык касиеттери аныкталып, бул маалыматтар имараттын долбоорун даярдоодо жана коопсуздугун камсыз кылууда колдонулат. Инженердик

Ишкер Media
Адылбек Касымалиев Улуу Британиянын соода өкүлү менен жолугушту

Адылбек Касымалиев Улуу Британиянын соода өкүлү менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Улуу Британиянын Борбор Азия жана Азербайжан боюнча соода өкүлү Лорд Джон Алдердайс менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди. Маалымдалгандай, Касымалиев Кыргызстан менен Улуу Британиянын достук мамилелери жана соңку жылдардагы кызматташтыктын активдешүүсүн белгиледи. Жолугушууда экономикалык жана инвестициялык кызматташтык, биргелешкен долбоорлор, финансы жана билим

Ишкер Media