Лейлекте мыйзамсыз көмүр казуудан мамлекетке 201 млн сом зыян келтирилген

Лейлекте мыйзамсыз көмүр казуудан мамлекетке 201 млн сом зыян келтирилген

Баткен облусунун Лейлек районундагы көмүр казуу иштерин текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекетке 201,5 млн сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө тиешелүү мамлекеттик органдардын жооптуу кызмат адамдары мыйзамсыз иштерди өз убагында токтотууга жана мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоого милдеттүү болгонуна карабастан, кызматтык ыйгарым укуктарын талаптагыдай аткарбай, ишканалардын мыйзамсыз иш жүргүзүүсүнө шарт түзгөнү белгиленген.

Прокуратуранын маалыматына ылайык, "К-А" жана "К-А П" ишканалары бөлүнүп берилген жер тилкелеринен сырткары токой фондунун 100 519 чарчы метр жеринин кыртышын мыйзамсыз бузуп, 739 494 куб метр өндүрүш калдыктарын төккөн. Ошондой эле жаратылыш ресурстарын пайдалануу үчүн милдеттүү төлөмдөрдү төлөбөгөнү аныкталган.

Мунун кесепетинен токой жерлерине 66 млн 342 миң 540 сом зыян келтирилип, мамлекеттик бюджетке 135 млн 214 миң 453 сом түшпөй калган. Жалпы келтирилген зыяндын көлөмү 201 млн 556 миң 993 сомду түзгөн.

Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") жана 307-беренеси ("Жер казынасын коргоо жана пайдалануу эрежелерин бузуу") менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб 2027-жылдын бюджет долбоорун карады

МинКаб 2027-жылдын бюджет долбоорун карады

Министрлер кабинетинин жыйынында "2027-жылга жана 2028-2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджет" тууралуу мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев 2021-2025-жылдары экономика 47% өскөнүн, 2025-жылы ИДП 11,1%, ал эми 2026-жылдын 8 айында 11% түзгөнүн белгиледи.

Ишкер Media
Бишкекте 35 метр тереңдикте инженердик изилдөө жүрүүдө

Бишкекте 35 метр тереңдикте инженердик изилдөө жүрүүдө

Инженердик изилдөөлөр департаменти Бөкөнбаев көчөсү 137 дарегиндеги 14 кабаттуу административдик комплекс курула турган аянтта геологиялык изилдөө жасады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, адистер 35 метр тереңдикте бургулоо жүргүзүп, топурак үлгүлөрүн алышты. Лабораторияда топурактын физикалык-механикалык касиеттери аныкталып, бул маалыматтар имараттын долбоорун даярдоодо жана коопсуздугун камсыз кылууда колдонулат. Инженердик

Ишкер Media
Адылбек Касымалиев Улуу Британиянын соода өкүлү менен жолугушту

Адылбек Касымалиев Улуу Британиянын соода өкүлү менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Улуу Британиянын Борбор Азия жана Азербайжан боюнча соода өкүлү Лорд Джон Алдердайс менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди. Маалымдалгандай, Касымалиев Кыргызстан менен Улуу Британиянын достук мамилелери жана соңку жылдардагы кызматташтыктын активдешүүсүн белгиледи. Жолугушууда экономикалык жана инвестициялык кызматташтык, биргелешкен долбоорлор, финансы жана билим

Ишкер Media
2027-жылы кайсы тармакка канча акча бөлүнөт?

2027-жылы кайсы тармакка канча акча бөлүнөт?

Кыргызстанда 2027-жылга карата республикалык бюджеттин кирешеси 727,3 млрд сом деп пландалууда. Бул 2026-жылга салыштырмалуу 176,1 млрд сомго же 31,9%га көп. Анын ичинде салыктык кирешелер 634 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу кече Министрлер Кабинетинин жыйынында "Кыргыз Республикасынын 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык

Ишкер Media