"Насыямды төлөп бериңиз, үй алып бериңиз" – Президентке эң көп келген кайрылуулар

"Насыямды төлөп бериңиз, үй алып бериңиз" – Президентке эң көп келген кайрылуулар

Акыркы бир ай ичинде Президентке жарандардан түшкөн кайрылуулардын саны кыйла көбөйдү. Бул тууралуу Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгынын кайрылуулар менен иштөө секторунун инспектору Жайылбек Дадиев "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кайрылуулардын көбөйүшүнө Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен "Түндүк" мобилдик тиркемесинде ишке киргизилген "Президентке кайрылуу" кызматы өбөлгө түздү.

"Жарандар жаңы сервис аркылуу күнү-түнү кайрылууларын жөнөтүп жатышат. Кайрылуулардын саны ушунчалык көбөйгөндүктөн, кызматкерлер аларды өз убагында каттоодон өткөрүүгө араң жетишүүдө", — деди ал.

Дадиевдин белгилешинче, кайрылуулардын басымдуу бөлүгү жарандардын социалдык жана турмуштук көйгөйлөрүнө байланыштуу. Алар насыя же карыздарын төлөп берүү, турак жай менен камсыз кылуу, жер тилкесин бөлүп берүү сыяктуу өтүнүчтөрдү көп жөнөтүшөт.

Ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык компаниянын кезегинде турса да, батирди кезексиз берүүнү суранган кайрылуулар да арбын экенин айтты.

"МИК аркылуу батир берүүдө белгиленген тартип бар. Өзгөчө жагдайлар болбосо, жарандар кезегин күтүшү керек. Учурда курулуп жаткан бардык ипотекалык үйлөр Президенттин көзөмөлүндө. Буга чейин миңдеген жарандар батирлүү болушту, кезекте тургандар да акырындык менен турак жайлуу болушат деп ишенебиз", — деди Дадиев.
Белгилей кетсек, жакында эле "Түндүк" мобилдик тиркемесинде жарандардын Президент Садыр Жапаровго түз электрондук кайрылуу жөнөтүүсүнө мүмкүнчүлүк берген "Президентке кайрылуу" кызматы ишке кирген. Кызматты иштеп чыгуучулардын маалыматына ылайык, жаңы сервис жарандар менен мамлекет башчысынын ортосундагы байланышты жеңилдетип, бюрократиялык жол-жоболорду кыскартууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек ЖЭБинде жылытуу мезгилине даярдык жүрүүдө

Бишкек ЖЭБинде жылытуу мезгилине даярдык жүрүүдө

Бишкек ЖЭБинде 2026-2027-жылдардагы жылытуу мезгилине даярдык иштери уланууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, учурда казан жана турбиналык жабдууларда пландуу оңдоо жүрүп, станциянын негизги системалары текшерилип жатат. Иштер бекитилген план боюнча жүрүп, алдыдагы кышта ЖЭБдин туруктуу иштешин камсыздоого багытталган. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды,

Ишкер Media
Ак-Ордо конушунда 750 орундуу жаңы мектеп курулуп бүттү

Ак-Ордо конушунда 750 орундуу жаңы мектеп курулуп бүттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ак-Ордо конушунун Теңир-Тоо көчөсүндө 750 орундуу мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, курулуш республикалык бюджеттен каржыланып, иштин сапаты министр Нурдан Орунтаевдин жеке көзөмөлүндө болгон. Мектеп 3 кабаттуу, аянты 3349 чарчы метр. Ичинде заманбап класстар, лабораториялар, китепкана, ашкана, жыйындар залы жана

Ишкер Media
Туристтик жайдан эл аралык каржы борборуна: Того делегациясы Тамчынын моделине кызыгууда

Туристтик жайдан эл аралык каржы борборуна: Того делегациясы Тамчынын моделине кызыгууда

Того Республикасынын делегациясы Тамчы атайын финансылык-инвестициялык аймагына барып, анын ишмердүүлүгү жана өзгөчө укуктук-салыктык режими менен таанышты. Делегацияны Инвестицияларды илгерилетүү, өнөр жай жана экономикалык эгемендүүлүк боюнча министр-делегат Артур Лилас Тримуа жетектеди. Делегациянын курамында парламенттин мүчөсү, Экономикалык маселелер боюнча комитеттин төрагасы Мавусси Джоссу Семонджи, сенатор, Каржы маселелери боюнча комитеттин

Ишкер Media
23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнү

23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнү

Бүгүн, 23-сентябрь - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. 1989-жылы ушул күнү кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген. Быйыл ага 37 жыл толду. Бул күн жыл сайын улуттук тилдин баркын даңазалап, аны сактоо жана өнүктүрүү максатында белгиленип келет. Ушуга байланыштуу Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев кыргызстандыктарды майрам менен куттуктады. Куттуктоонун тексти:

Ишкер Media