Ошто айыл чарба кооперативдерине күнөскана жана биогумус өндүрүүчү жайлар курулат

Ошто айыл чарба кооперативдерине күнөскана жана биогумус өндүрүүчү жайлар курулат

Ош облусунун Ноокат жана Чоң-Алай райондорундагы айыл чарба кооперативдерине 400 чарчы метрлик күнөсканалар жана биогумус өндүрүүчү жайлар курулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Министерликке караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) "Кооперативдерди колдоо" долбоорунун алкагында Ош облусунун Ноокат жана Чоң-Алай райондорундагы айыл чарба кооперативдери менен жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушууларга "Жар-Башы", "Чоң-Алай Картошка Өндүрүү", "Чоң-Алай Агро", "НҮКӨК", "Шарип-Ата" жана "Кыргыз-Ата Алмасы" кооперативдеринин өкүлдөрү катышты.

Долбоор айыл чарбасын колдоого, кооперативдердин ишин чыңдоого жана органикалык продукциянын өндүрүшүн кеңейтүүгө багытталган.

Анын алкагында ар бир кооператив үчүн 400 чарчы метрлик күнөскана курулуп, 70 чарчы метрлик биогумус (сөөлжан) өндүрүүчү чуңкурчалар уюштурулат. Ошондой эле катышуучулар үчүн окуу-семинарлары өткөрүлүп, органикалык айыл чарбасына өтүү боюнча колдоо көрсөтүлөт.

Министрлик бул демилге кооперативдердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, экологиялык жактан таза продукциянын көлөмүн көбөйтүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте командалык-штабдык машыгуу өттү

Бишкекте командалык-штабдык машыгуу өттү

Бишкек шаарынын Октябрь районунда өзгөчө кырдаалдар учурунда аракеттенүү боюнча командалык-штабдык машыгуу өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришити. Маалымдалгандай, иш-чара Жарандык коргонуу даярдыгынын планына ылайык уюштурулду. Машыгуунун темасы - аммиак сыяктуу уулуу зат сыртка чыгып кеткенде авариялык-техникалык топтун аракеттери. Машыгууга мэриянын аппарат жетекчиси Руслан Сапарбеков, Октябрь районунун акими Жолдош Чуштуков

Ишкер Media
Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасы боюнча инвестициялык долбоор талкууланды

Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасы боюнча инвестициялык долбоор талкууланды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу БАЭден келген делегация менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришити. Маалымдалгандай, делегацияны доктор Хумайд Аль Кааби жетектеди. Жолугушууда Кыргызстанда заманбап асыл тукум мал чарбасын түзүү боюнча инвестициялык долбоор талкууланды. Министрлик Кыргызстанда кең жайыттар, ыңгайлуу климат

Ишкер Media
Ноокатта 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернаты курулуп бүттү

Ноокатта 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернаты курулуп бүттү

Ош облусунун Ноокат шаарында 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернатынын курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылды. Мектеп-интернат эки кабаттуу эки окуу корпусунан, спорттук блоктон жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты – 1904,25 чарчы метр. Имаратта заманбап окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класс,

Ишкер Media
МинКаб 2027-жылдын бюджет долбоорун карады

МинКаб 2027-жылдын бюджет долбоорун карады

Министрлер кабинетинин жыйынында "2027-жылга жана 2028-2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджет" тууралуу мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев 2021-2025-жылдары экономика 47% өскөнүн, 2025-жылы ИДП 11,1%, ал эми 2026-жылдын 8 айында 11% түзгөнүн белгиледи.

Ишкер Media