Бишкек мэри бүтпөй жаткан эки курулушка катуу талап койду

Бишкек мэри бүтпөй жаткан эки курулушка катуу талап койду

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев курулушу аяктай элек эки объектте көчмө текшерүү жүргүздү.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, алгач калаа башчысы Орозбеков көчөсү, 72 дарегинде жайгашкан Ala Tower көп функционалдуу борборунун курулушу менен таанышты. Объектти "Шаако Строй" ЖЧКсы куруп жатат. Курулуш 2024-жылы башталганына карабастан, азыркыга чейин бүтө элек.

Компаниянын өкүлдөрү менен жолугушууда мэр курулуш иштерин токтоосуз жандандырууну талап кылып, бир айлык мөөнөт берди. Эгер бул аралыкта курулуштун темпи камсыздалбаса, тиешелүү кызматтарга келишимди мыйзамда белгиленген тартипте бузуу маселесин кароо тапшырылды.

Андан соң мэр Байтик Баатыр көчөсүндөгү 60, 62 жана 64 даректеринде жайгашкан дагы бир курулуш объектисин текшерди. Бул жерде "Мастер Групп" ЖЧКсы көп кабаттуу турак жайларды куруп жатат.

Аталган объекттин курулушу 2014-жылы башталганына карабастан, бүгүнкү күнгө чейин аяктай элек.

Бул объект боюнча да курулуш иштерин жандандыруу үчүн бир айлык мөөнөт берилди. Биринчи май районунун акимине тиешелүү шаардык кызматтар менен биргеликте абалды өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырмасы жүктөлдү.

Эгер коюлган талаптар аткарылбаса, мыйзамда каралган чаралар көрүлүп, анын ичинде объектти мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү да караларын мэрия билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media