Бишкекте муниципалдык жерди мыйзамсыз пайдалануу фактылары аныкталды

Бишкекте муниципалдык жерди мыйзамсыз пайдалануу фактылары аныкталды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Чокан Валиханов көчөсү, 2/4 дарегинде жайгашкан аймакта көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө онго жакын чарбакер субъект иш алып барган тилкеде бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Муниципалдык аймакта жана жашыл зонада мамлекеттик каттоо номери жок автоунааларды кошкондо транспорт каражаттары мыйзамсыз токтотулганы, ошондой эле муниципалдык жерди өзүм билемдик менен пайдалануу фактылары катталды.

Жыйындын жыйынтыгында Бишкек шаарынын Жол кайгуул кызмат башкармалыгына мыйзамсыз токтотулган, анын ичинде мамлекеттик каттоо номери жок унааларды кыска мөөнөттө эвакуациялоо тапшырылды.

Октябрь районунун прокуратурасына аймактагы объекттердин ишмердүүлүгүнө укуктук баа берүү жана муниципалдык жерди мыйзамсыз пайдаланууга жол берген адамдарды аныктоо милдети жүктөлдү. Мыйзам бузуулар аныкталса, мыйзам чегинде чара көрүлөт.

Муниципалдык инспекцияга көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарды жоопкерчиликке тартуу, ал эми Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаментине унаа токтотуучу жайларды жөнгө салуучу жол белгилерин орнотуу жана Ауэзов көчөсүнөн Чокан Валиханов көчөсүнө чейинки тилкеде транспорт кыймылын жөнгө салуу тапшырмасы берилди.

Ошондой эле Октябрь районунун акимине чарбакер субъекттер менен биргеликте көп кабаттуу унаа токтотуучу жай уюштуруу жана аймакты санитардык-эстетикалык талаптарга ылайык келтирүү милдети жүктөлдү. Бул иштер аяктаганга чейин аймак күн сайын көзөмөлдөнөт.

Мындан тышкары, "Амира" кафесинин ишмердүүлүгүн санитардык талаптардын жана мыйзамдардын сакталышы боюнча комплекстүү текшерүү тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media