Формула-1 кайыктар жарышында ӨКМ күчөтүлгөн режимде иш алып барууда

Формула-1 кайыктар жарышында ӨКМ күчөтүлгөн режимде иш алып барууда

Ысык-Көл облусунун Бает айылында өтүп жаткан дүйнөлүк деңгээлдеги F1 H2O моторлуу кайыктардын мелдешинде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан суу акваториясында жана көлдүн жээгинде коопсуздук чаралары күчөтүлгөн тартипте уюштурулду.

Ведомствонун маалыматына ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө ӨКМдин куткаруучулары, суучулдары, өрт өчүрүү жана авариялык-куткаруу бөлүктөрү нөөмөттө турушат. Ошондой эле атайын кайыктар жана моторлуу кайыктар тартылып, мелдеш өтүп жаткан аймак толугу менен көзөмөлгө алынган.

Мындан тышкары, көчмө штабдар түзүлүп, мелдешке келген коноктордун, спортчулардын жана көрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо боюнча бардык зарыл иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

ӨКМ тарабынан иш-чара аяктаганга чейин коопсуздук көзөмөлү үзгүлтүксүз улантылары белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында 6 ай ичинде 1 млрд сомдон ашык өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн

Нарында 6 ай ичинде 1 млрд сомдон ашык өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн

Нарын шаарынын өткөн 6 айга карата социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары чыгарылды. Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматынын айтымында, шаарда 2026-жылдын 6 айында 1 млрд 171,1 млн сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, өсүү темпи 117,5% түздү. Нарын шаарында мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 107,6 %га аткарылып, өсүү темпи 142,

Канат Сагынбаев Таластагы социалдык стационарларды кыдырды

Канат Сагынбаев Таластагы социалдык стационарларды кыдырды

Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев министрликтин карамагындагы эки социалдык стационардык мекемеге барды. Ведомствонун маалыматына ылайык, министр Бакай-Ата районундагы улгайган жарандар жана майыптыгы бар адамдар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемеде, ошондой эле Покровка айылындагы аралаш психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеде болуп,

Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын президенттери Чолпон-Ата декларациясына кол коюшту

Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын президенттери Чолпон-Ата декларациясына кол коюшту

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын бейформал Консультативдик жолугушуусу өттү. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына жарыяланды. Маалыматка таянсак, иш-чарага Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстан президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Азербайжандын

Эмомали Рахмон Борбор Азияда биргелешкен мунай заводун курууну сунуштады

Эмомали Рахмон Борбор Азияда биргелешкен мунай заводун курууну сунуштады

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Борбор Азия өлкөлөрүнө аймакта биргелешкен мунай иштетүүчү завод курууну сунуштады. Бул тууралуу Борбор Азия жана Азербайжан мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунда билдирди. Рахмондун айтымына караганда, дүйнөлүк жана аймактык энергетика рыногундагы чыңалуу Борбор Азия өлкөлөрүнө түздөн-түз таасирин тийгизип жатат. Ушундан улам ал мунай иштетүүчү заводду биргелешип куруу