Канат Сагынбаев Таластагы социалдык стационарларды кыдырды

Канат Сагынбаев Таластагы социалдык стационарларды кыдырды

Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев министрликтин карамагындагы эки социалдык стационардык мекемеге барды.

Ведомствонун маалыматына ылайык, министр Бакай-Ата районундагы улгайган жарандар жана майыптыгы бар адамдар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемеде, ошондой эле Покровка айылындагы аралаш психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеде болуп, алардын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Сапардын жүрүшүндө министр социалдык кызмат алуучулардын жашоо шарттарын, аларга көрсөтүлүп жаткан кам көрүү жана медициналык кызматтарды, мекемелердин материалдык-техникалык камсыздалышын жана тамак-аштын сапатын көрүп чыкты. Ошондой эле кызмат алуучулар жана мекеме кызматкерлери менен баарлашып, алардын сунуш-пикирлерин укту.

Канат Сагынбаев улгайган жарандарга жана майыптыгы бар адамдарга сапаттуу кам көрүү мамлекеттик социалдык саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

"Жашоого ыңгайлуу шарттарды түзүү менен бирге ар бир жашоочуга урмат-сый көрсөтүлгөн, психологиялык жактан ыңгайлуу чөйрөнү камсыз кылуу маанилүү", – деди министр.

Мындан тышкары, министр мекеме жетекчилери менен кадрдык камсыздоо, инфраструктуранын абалы жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу маселелерин талкуулап, тиешелүү түзүмдөргө бир катар тапшырмаларды берди.

Учурда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин карамагында 17 социалдык стационардык мекеме иштеп, анда 2 443 социалдык кызмат алуучу жашайт. Алардын экөө Талас облусунда жайгашып, туруктуу колдоого муктаж жарандарга сутка бою социалдык жардам жана кам көрүү кызматтарын көрсөтүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media