Куруучулар күнүнө карата тармактын алдыңкы өкүлдөрү сыйланды

Куруучулар күнүнө карата тармактын алдыңкы өкүлдөрү сыйланды

Бүгүн Куруучулар күнүнө жана Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 101 жылдыгына карата министрликте салтанаттуу иш-чара өттү.

Ведомствонун маалыматына ылайык, анда курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев тармак өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктап, курулуш тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Салтанаттын жүрүшүндө министрликтин кызматкерлери, архитектура жана курулуш тармагын өнүктүрүүгө салым кошкон адистер жана өнөктөштөр "Ак ниет кызматы үчүн", "Ардактуу куруучу", "Ардактуу архитектор", "Кызматташтык үчүн" төш белгилери жана Ардак грамоталар менен сыйланышты.

Ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин энчилүү кол сааты Курулуш министри Нурдан Орунтаевге тапшырылып, министрдин орун басарлары жана министрликтин бир катар кызматкерлери медалдар, ордендер, төш белгилер жана Ардак грамоталар менен сыйланышты.

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Архитекторлор союзу тарабынан Шаар куруу жана архитектура департаментинин кызматкерлерине архитектура жана курулуш тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйлыктар ыйгарылды.

Иш-чаранын соңунда министр сыйлык алган тармак өкүлдөрүнө ийгиликтерди каалап, алардын эмгеги өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымына берилген татыктуу баа экенин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media