Кыргызстанда жарым жылда 14,2 млн баш малга ветеринардык профилактика жүргүзүлдү

Кыргызстанда жарым жылда 14,2 млн баш малга ветеринардык профилактика жүргүзүлдү

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишинин жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эпизоотиялык туруктуулукту камсыздоо максатында өлкө боюнча 14,26 млн баш малга ветеринардык-профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп, жарым жылдык план 110%га аткарылган.

Ошондой эле жыл башынан тарта республика ветеринардык биокаражаттар менен толук камсыздалып, бардык вакциналар жана ветеринардык препараттар аймактарга муздак чынжыр талаптарын сактоо менен 100% жеткирилген.

Мындан тышкары, ветеринардык кызматтын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында өндүрүштүк муздаткычтар жана термочемодандар менен камсыздоо иштери жүргүзүлгөн.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Кыргызстанга келди

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Кыргызстанга келди

Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын бейформал консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришкендей, жогорку даражалуу конокту Ысык-Көл облусундагы "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды. Белгилей кетсек, жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет

Ысык-Көлдө дагы бир эс алуу жайына алып баруучу жол жаңыланды

Ысык-Көлдө дагы бир эс алуу жайына алып баруучу жол жаңыланды

Ысык-Көл облусундагы "Чайка" эс алуу жайына алып баруучу жол мамлекеттик бюджеттин эсебинен толугу менен жаңыланды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолго жаңы асфальт төшөлүп, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар курулду. Ошондой эле сырткы жарыктандыруу системасы толугу менен орнотулуп, пайдаланууга берилди. Министрликтин маалыматына

Бишкек мэри бүтпөй жаткан эки курулушка катуу талап койду

Бишкек мэри бүтпөй жаткан эки курулушка катуу талап койду

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев курулушу аяктай элек эки объектте көчмө текшерүү жүргүздү. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, алгач калаа башчысы Орозбеков көчөсү, 72 дарегинде жайгашкан Ala Tower көп функционалдуу борборунун курулушу менен таанышты. Объектти "Шаако Строй" ЖЧКсы куруп жатат. Курулуш 2024-жылы башталганына карабастан, азыркыга чейин бүтө элек. Компаниянын

Бишкек менен Шаньдун провинциясы кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту

Бишкек менен Шаньдун провинциясы кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту

Күн мурун Бишкек шаарында Кытай Эл Республикасынын Шаньдун провинциясынын Коммерция департаменти уюштурган "Кытай (Шаньдун провинциясы) – Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер" аттуу соода-экономикалык кызматташтык боюнча конференция өттү. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын атынан мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев катышып, борбор калаанын инвестициялык жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу баяндама