Нарындагы кооперативдерде органикалык өндүрүш жана үрөнчүлүк өнүгүүдө

Нарындагы кооперативдерде органикалык өндүрүш жана үрөнчүлүк өнүгүүдө

Нарын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Алтынбек Ташболотов Учкун айыл аймагындагы "Нур" жана Эмгек-Талаа айыл аймагындагы "ЖБУ" айыл чарба кооперативдерине иш сапары менен барды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Иш сапардын жүрүшүндө мамлекеттик колдоонун алкагында берилген жер тилкелеринин пайдаланылышы, өндүрүш процесси жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн учурдагы абалы каралды.

Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин №309 токтомунун негизинде "Нур" кооперативине 70 гектар жер аянты берилген. Мындан тышкары Нарын райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 80 гектар жерге жамгырлатып сугаруу системасы орнотулуп, ижарага пайдаланууга берилген. Кооператив "Таш-Рабат" бренди менен печенье өндүрүп, продукциясын ички рынокко чыгаруудан тышкары экспортко да жөнөтүп келет.

Ал эми "ЖБУ" айыл чарба кооперативине №309 токтомдун негизинде 55 гектар жер аянты ижарага берилген. Учурда анын 17 гектарына "Аталык" сортундагы биринчи репродукциядагы үрөн себилген. Ошондой эле кооператив кулпунай, капуста жана чычырканакты органикалык ыкма менен өстүрүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

"Кыргызфармация" менен Кыргызстандагы Казакстандын бирдиктүү дистрибьютору — "СК-Фармация" ЖЧКсынын өкүлдөрү ата мекендик фармацевтикалык жана логистикалык ишканалардын иши менен таанышты. Аталган мекемеден билдиришкендей, алар жергиликтүү ишканалардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн, технологиялык иштерин жана чыгарылып жаткан дары-дармектердин түрлөрүн көрүп чыгышты. Маалыматка ылайык, иш сапар "Кыргызфармация» менен "СК-

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ош шаарындагы эл аралык аба майданынан тиешелүү коштомо документтери жок суркүзөн терисинен жасалган буюмдар аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Орусиядан келген жарандардын жүктөрүн текшерүү учурунда жалпы 555 даана баш кийим жана 270 даана суркүзөндүн териси табылган. Жүктүн жалпы болжолдуу баасы 2,6 млн сомду түзөт. Ошол эле

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга 3% жеңилдетилген насыялоо долбоорунун алкагында абердин-ангус породасындагы алгачкы 300 баш асыл тукум мал алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Бүгүн Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Аксы районунун фермери Замир Алиевге аталган долбоордун алкагында 40 баш асыл

Түп районундагы билим берүү мекемесине 124 млн сом жумшалды

Түп районундагы билим берүү мекемесине 124 млн сом жумшалды

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Фрунзе айылында 225 орундуу мектептин курулушу аяктады. Билим берүү мекемеси жаңы окуу жылына толук даяр. Бул тууралуу Курулуш министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеменин курулушу 2024-жылы ноябрда башталган. Долбоор республикалык казынадан каржыланып, жалпы наркы 124 миллион сомду түздү. Заманбап үлгүдөгү мектеп имаратынын