Ноокаттагы мыйзамсыз кум-шагыл казуудан мамлекетке 18,2 млн сом зыян келтирилген

Ноокаттагы мыйзамсыз кум-шагыл казуудан мамлекетке 18,2 млн сом зыян келтирилген

Ош экологиялык прокуратурасы тарабынан Ноокат районунда кум-шагыл аралашмасын казуу иштеринин мыйзамдуулугу боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө олуттуу мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүнүн жыйынтыгында жер казынасын пайдалануучулар карьерлерди техникалык долбоордо жана мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусунда көрсөтүлгөн 5 метрден кыйла терең казышканы белгилүү болгон.

Маалыматка ылайык, жеке ишкер Ө.М. карьерди 9 метрге чейин тереңдетип, 13 100 куб метр, ал эми "ЖБИ М-А" ЖЧКсы 10 метрге чейин казып, 20 000 куб метр кум-шагыл аралашмасын мыйзамсыз казып алышкан.

Натыйжада мыйзамсыз алынган кум-шагылдын жалпы көлөмү 33 100 куб метрди түзүп, анын болжолдуу наркы 16 млн 750 миң сом деп бааланган. Мындан тышкары, мамлекетке 1 млн 489 миң 500 сом салыктык зыян келтирилип, жалпы келтирилген зыян 18 млн 239 миң 500 сом деп эсептелген.

Ошондой эле текшерүүдө айрым мамлекеттик органдардын жооптуу кызмат адамдары мыйзам бузууларды билип туруп, аларды токтотуу жана жер казынасын коргоо боюнча мыйзамда каралган чараларды көрбөй, мыйзамсыз иштердин уланышына шарт түзгөнү аныкталган.

Аталган фактылар боюнча Ош экологиялык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media