Талас облусунда "Бала ырысы" жөлөкпулу үчүн 9076 жаран арыз берди

Талас облусунда "Бала ырысы" жөлөкпулу үчүн 9076 жаран арыз берди

30-31-июлда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев жумушчу сапар менен Талас облусуна барды.

Ведомствонун маалыматына ылайык, сапардын алкагында министр райондук жана шаардык башкармалыктардын ишмердүүлүгү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жана калкты тейлөө шарттары менен жеринде таанышууда.

Талас шаарында Канат Сагынбаев социалдык камсыздоо боюнча аймактык башкармалыкка барып, мамлекеттик "Бала ырысы" программасынын аткарылышын көрдү. Ошондой эле башкармалыктын кызматкерлери жана жаңы ай сайын берилүүчү жөлөкпулду алып жаткан үй-бүлөлөр менен жолугуп, алардын сунуш-пикирлерин жана жөлөкпулду тариздөөдө жаралган маселелерин укту.

"Бала ырысы” программасы – балалуу үй-бүлөлөрдү мамлекеттик колдоонун маанилүү чарасы. Биздин милдет – жөлөкпул алууга укуктуу ар бир үй-бүлө аны өз убагында, ашыкча бюрократиялык тоскоолдуктарсыз жана толук көлөмдө алышын камсыз кылуу", – деди министр.

Министр ошондой эле калкка социалдык кызматтарды өз убагында жана сапаттуу көрсөтүү министрликтин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Маалыматка ылайык, учурда Талас облусунда "Бала ырысы" жөлөкпулун алуу үчүн 9 076 жаран арыз берген.

Министрдин жумушчу сапары уланууда. Анын жыйынтыгында аймактык бөлүмдөрдүн ишин өркүндөтүү жана калкка көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилери айтылды.

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media