Мэр мыйзам бузган аялдама комплексинин ишин токтотууну тапшырды
Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, шаардагы бир катар объектилерди кыдыруудан кийин калаа башчысы коомдук транспорттун аялдама комплекстеринин бирине күтүүсүз текшерүү жүргүзгөн.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө аялдаманын жүргүнчүлөрдү күндүн ысыгынан жана жаан-чачындан коргоо үчүн каралган бөлүгү толугу менен коммерциялык максатта пайдаланылып жатканы аныкталган. Мындан улам жүргүнчүлөр коомдук транспортту күтүүгө ылайыктуу жайсыз калган.
Айбек Джунушалиев мындай абалды кескин сынга алып, аялдама комплекси биринчи кезекте өзүнүн негизги функциясын аткарып, шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылышы керектигин белгиледи.
Текшерүүнүн жыйынтыгында мэр Биринчи Май районунун акимине мыйзам бузуулар толук жоюлуп, объект өзүнүн функционалдык багытына ылайык келтирилгенге чейин анын ишин токтотууну тапшырды.
Ошондой эле тиешелүү кызматтарга борбор калаадагы бардык аялдама комплекстеринин максаттуу пайдаланылышын текшерүү милдети жүктөлдү.
