Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды
Ош шаарында "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузган эки эс алуу жайына жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди.
31-июлда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаардык милиция менен биргеликте "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү.
Мэриянын маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө жарандардын тынчтыгын бузган мыйзам бузуулар аныкталган.
Анын жыйынтыгында шаардагы "На углях" кафеси жана "Azizyar" түнкү клубу Калкты ызы-чуудан коргоо боюнча мыйзам талаптарын бузганы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 82-беренесинин негизинде жоопкерчиликке тартылды.
Аталган жайларга карата административдик протоколдор түзүлүп, жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Ош шаарынын мэриясы мындай рейддик иш-чаралар шаар тургундарынын тынчтыгын камсыз кылуу жана "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында мындан ары да үзгүлтүксүз жүргүзүлөрүн билдирди.