Базар-Коргондо уруксатсыз курулуп жаткан кыш заводдун иши токтотулду

Базар-Коргондо уруксатсыз курулуп жаткан кыш заводдун иши токтотулду

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда тиешелүү уруксат документтери жок курулуп жаткан кыш заводдун иши токтотулуп, курулушту жүргүзгөн компанияга 200 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө объектте тиешелүү архитектуралык-уруксат берүүчү документтер алынбастан жана милдеттүү мамлекеттик экспертизадан өткөрүлбөстөн курулуш иштери жүргүзүлүп жатканы аныкталган.

Министрликтин маалыматына караганда, мындай өндүрүштүк объектилерди мыйзамда каралган экологиялык, техникалык жана коопсуздук талаптарын сактабастан куруу жарандардын коопсуздугуна жана айлана-чөйрөгө коркунуч жаратышы мүмкүн.

Ошондой эле башкармалыктын адистери тарабынан буга чейин курулуш иштерин токтотуу боюнча бир нече жолу эскертүү берилгенине карабастан, курулуш-монтаждоо иштери улантылган.

Анын негизинде курулуш иштерин жүргүзгөн "Мадина Компани" ЖЧКсына карата тиешелүү акт түзүлүп, объекттеги бардык курулуш иштерин токтотуу боюнча милдеттүү көрсөтмө берилди. Мындан тышкары компанияга 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, административдик протокол түзүлгөн.

Учурда кыш заводдун курулуш иштери толугу менен токтотулган.

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media