Кочкордо эт багытындагы мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө басым жасалууда

Кочкордо эт багытындагы мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө басым жасалууда

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Баялы Досалиев, акимдин орун басары Нурлан Элчибаев жана райондук ветеринардык башкармалыктын башчысы Темирлан Мураталиев "Сал Эм" асыл тукум чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, иш сапардын жүрүшүндө чарбанын учурдагы абалы, малды багуу шарттары, асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү жана эт багытындагы бодо малдын санын көбөйтүү боюнча аткарылып жаткан иштер талкууланды.

Учурда "Сал Эм" чарбасында Абердин-ангус породасындагы 116 баш бодо мал багылууда. Анын ичинде 76 уй, 2 бука жана 38 музоо бар.

Белгиленгендей, чарба асыл тукум малдын санын көбөйтүүгө өзгөчө көңүл буруп, аймакты сапаттуу асыл тукум мал менен камсыздоого жана эт багытындагы мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө салым кошуп келет.

Иш сапардын соңунда чарбаны мындан ары өнүктүрүү, асыл тукум малдын башын көбөйтүү жана мамлекеттик колдоо механизмдерин натыйжалуу пайдалануу маселелери боюнча пикир алышуу болду.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда тергөөчүлөр үчүн санариптик окутуунун жаңы форматы ишке кирди

Кыргызстанда тергөөчүлөр үчүн санариптик окутуунун жаңы форматы ишке кирди

Башкы прокуратура ички иштер органдарынын кызматкерлерин "Кылмыштардын бирдиктүү реестри" системасында иштөөгө үйрөтүү үчүн практикага багытталган окутуунун жаңы форматын ишке киргизди. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, анын алкагында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана аймактык ички иштер органдарынын жаңы дайындалган жана иштеп жаткан тергөөчүлөрү үчүн "Электрондук кылмыш ишин&

Бишкекте ШКУ саммитине байланыштуу бир катар объектилер оңдоп-түзөлүүдө

Бишкекте ШКУ саммитине байланыштуу бир катар объектилер оңдоп-түзөлүүдө

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Шанхай кызматташтык уюмунун боло турган саммитине калаанын даярдыктары тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө эл аралык иш-чарага даярдык көрүүнүн алкагында шаардык инфраструктураны өнүктүрүү, жашылдандыруу жана коомдук жайларды жаңылоо боюнча бир катар жумуштар аткарылууда. “Манас” эл аралык аба

ӨКМ сел жана суу ташкыны боюнча шашылыш эскертүү таратты

ӨКМ сел жана суу ташкыны боюнча шашылыш эскертүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 3-августтун экинчи жарымынан тарта 6-августка чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу шашылыш эскертүү таратты. Министрликтин маалыматына ылайык, бул күндөрү республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу сакталат. ӨКМ жарандарды өзгөчө сак болууга чакырып, кооптуу аймактарда эс алуудан жана кокту-

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолу текшерилди

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолу текшерилди

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Балыкчы – Бөкөнбаев –Каракол автомобиль жолун оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышып, курулуш иштеринин сапатын жана аткарылып жаткан жумуштардын графигин текшерди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш сапарынын жүрүшүндө министр жооптуу жетекчилер жана подрядчы компаниялардын өкүлдөрү менен жолугуп, долбоорду белгиленген