Азык-түлүк баалары: Кыргызстанда эмне кымбаттап, эмне арзандады?

Азык-түлүк баалары: Кыргызстанда эмне кымбаттап, эмне арзандады?

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргызстанда, ошондой эле Россия жана Казакстанда негизги азык-түлүк товарларынын баасына салыштырма мониторинг жүргүздү.

Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргызстанда күрүчтүн баасы 4,4%, импорттолгон 1-сорттогу буудай уну 3,6%, тазаланган күн карама майы 2,3%, каймак майы 1,4%, уй жана кой эти 0,9%дан, кумшекер 0,4%га кымбаттаган.

Ошол эле учурда сабиз 1,0%, жергиликтүү 1-сорттогу буудай уну жана картошка 0,8%дан, баш пияз 0,6% жана пастерленген сүт 0,2%га арзандаганы белгиленди.

Казакстанда болсо баалар негизинен төмөндөө багытында өзгөргөн. Атап айтканда, картошка 3,4%, баш пияз 2,5%, күрүч 2,2%, пастерленген сүт менен сабиз 2,0%дан, жергиликтүү ун, бөлкө нан, каймак май, уй жана кой эти 1,9%дан, күн карама майы 1,7%, макарон азыктары 1,6%, жумуртка 1,4% жана кумшекер 1,1%га арзандаган.

Россияда мониторинг мезгилинде кумшекердин баасы гана 1,8%га өскөн. Ал эми баш пияз 2,5%, картошка 2,1%, жумуртка 1,7%, күрүч, сабиз жана каймак майы 1,0%дан, 1-сорттогу буудай уну, бөлкө нан жана пастерленген сүт 0,6%дан, кой эти 0,5%, күн карама майы, уй эти жана вермишель 0,4%дан төмөндөгөн.

Министрлик белгилегендей, мониторинг өлкөлөрдөгү негизги азык-түлүк товарларынын баа динамикасын салыштыруу жана ички рыноктогу абалды көзөмөлдөө максатында туруктуу негизде жүргүзүлүп турат.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде туристтик инфраструктураны жакшыртуу маселеси көтөрүлдү

Баткенде туристтик инфраструктураны жакшыртуу маселеси көтөрүлдү

Баткен облусунда туризм тармагын өнүктүрүү, туристтер үчүн шарттарды жакшыртуу жана инфраструктураны өркүндөтүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов облус башчысынын орун басары Максатай Мамытбекова менен жолугушуп, аймактагы туризмдин негизги маселелери жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алышты. Андан

Кыргыз-өзбек жаш парламентарийлери  тажрыйба алмашууну көздөшөт

Кыргыз-өзбек жаш парламентарийлери тажрыйба алмашууну көздөшөт

10-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кыргызстандын жана Өзбекстандын жаш парламентарийлеринин II форумуна катышты. "Жаштар – жалпы прогресске жана тынчтыкка карай жолдо!" деген ураан алдында өткөн форумга эки өлкөнүн депутаттары, жаштар, адистер жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Марлен Маматалиев кыргыз-өзбек мамилелеринин тарыхый, маданий жана руханий жакындыгын белгилеп,

Ош шаарында мыйзамсыз валюта алмаштырган 9 жаранга айып пул салынды

Ош шаарында мыйзамсыз валюта алмаштырган 9 жаранга айып пул салынды

Ош шаарында Улуттук банктын лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруу менен алектенген 9 жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, мыйзамсыз акча алмаштырууга карата көзөмөлдү Ош облустук башкармалыктын өкүлдөрү ишке ашырып, анын жүрүшүндө аталган жарандар Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы жок нак чет

Баткенде көп балалуу энелер "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" сыйлыктарын алышты

Баткенде көп балалуу энелер "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" сыйлыктарын алышты

Баткен районунда көп балалуу 70 энеге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти. Салтанатта 36 энеге "Баатыр эне" ордени, ал эми 34 энеге "Эне даңкы" медалы тапшырылды. Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева, Баткен районунун акиминин орун