Кыргызстанда тергөөчүлөр үчүн санариптик окутуунун жаңы форматы ишке кирди

Кыргызстанда тергөөчүлөр үчүн санариптик окутуунун жаңы форматы ишке кирди

Башкы прокуратура ички иштер органдарынын кызматкерлерин "Кылмыштардын бирдиктүү реестри" системасында иштөөгө үйрөтүү үчүн практикага багытталган окутуунун жаңы форматын ишке киргизди.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, анын алкагында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана аймактык ички иштер органдарынын жаңы дайындалган жана иштеп жаткан тергөөчүлөрү үчүн "Электрондук кылмыш ишин" жүргүзүү боюнча практикалык окуу уюштурулду.

Окутуу реалдуу иш шарттарына мүмкүн болушунча жакындатылган атайын тесттик чөйрөдө өтүп, катышуучулар санариптик инструменттерди колдонуу боюнча практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүштү.

Жыйынтыгында кызматкерлерди даярдоонун бирдиктүү методикасы жана алардын кесиптик компетенцияларын баалоочу чек-баракча иштелип чыкты. Бул документтер мындан ары өлкөнүн бардык укук коргоо органдарында ушундай окутууларды өткөрүүдө колдонулат.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банктын алтын монеталарынын саны алтыга жетти

Улуттук банктын алтын монеталарынын саны алтыга жетти

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата Улуттук банк чыгарган жаңы алтын коллекциялык монета өлкөнүн нумизматика тарыхындагы дагы бир маанилүү окуя болуп калды. Баасы 99 миң 460 сом болгон бул монета расмий төлөм каражаты макамына ээ. Бирок аны нумизматикалык баалуулук катары баалагандар күнүмдүк төлөм үчүн эмес, көбүнчө коллекциясын байытып, инвестиция жасоого же

Корук жана улуттук парктардын аянтын кыскартууга тыюу салуу сунушталды

Корук жана улуттук парктардын аянтын кыскартууга тыюу салуу сунушталды

Кыргызстанда мамлекеттик жаратылыш коруктарынын, улуттук парктардын жана башка өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын аянтын кыскартууга, ошондой эле алардын коргоо макамын төмөндөтүүгө 20 жылдык мораторий киргизүү сунушталды. Долбоор коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, мораторий күчүнө кирсе, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын чек араларын өзгөртүүгө, аянтын

Кыргызстанда бир жумада 23 миңден ашык жол эрежеси бузулду

Кыргызстанда бир жумада 23 миңден ашык жол эрежеси бузулду

Өлкө аймагында 24-июлдан 30-июлга чейин алдын ала маалымат боюнча 23 179 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) билдирди. Маалыматка ылайык, катталган мыйзам бузуулардын ичинен: * тиешелүү документтери жок унаа башкарган – 788; * мас абалында унаа башкарган – 395; * автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан

Пластик менен текстиль калдыктарын кайра иштеткен ишканалар текшерилди

Пластик менен текстиль калдыктарын кайра иштеткен ишканалар текшерилди

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өлкөдө калдыктарды кайра иштетүүчү ишканаларды лицензиялоо жана колдоо иштерин жүргүзүүдө. Министрликтин маалыматына ылайык, бул чаралар циркулярдык экономиканы өнүктүрүү, өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги системасын киргизүү жана кайра иштетүүчүлөрдүн санариптик реестрин түзүү максатын көздөйт. Лицензия алдындагы көзөмөлдүн алкагында картон, пластик жана текстиль калдыктарын кайра иштеткен, ошондой