Оштогу Ломоносов мектебинин жаңы имаратынын курулушу кызуу жүрүүдө

Оштогу Ломоносов мектебинин жаңы имаратынын курулушу кызуу жүрүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, Ош шаарындагы М.В. Ломоносов атындагы мектептин ордуна 750 орундуу заманбап жаңы мектеп курулуп жатат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде ишке ашырылып жаткан долбоордун курулушу үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган.

Учурда төрт кабаттуу имараттын негизги конструкциялары толугу менен тургузулуп, биринчи жана экинчи кабаттарда ички жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Долбоор боюнча мектептин жалпы аянты 10 896 чарчы метрди түзөт. Имарат төрт блоктон туруп, жертөлөсү менен кошо төрт кабаттан турат.
Жаңы билим берүү мекемесинде 37 окуу классы, лабораториялар, китепкана, ашкана, эмгекке үйрөтүү кабинеттер, медициналык бөлмө, жыйындар залы жана заманбап спорт залы каралган.

Министрлик белгилегендей, курулуштун бардык этаптары тиешелүү департаменттер тарабынан туруктуу көзөмөлдөнүп, аткарылып жаткан иштердин сапаты үзгүлтүксүз текшерилип жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media