Оштун мэри аскер бөлүгүндөгү шарттар менен таанышты

Оштун мэри аскер бөлүгүндөгү шарттар менен таанышты

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 7703 аскер бөлүгүнө иш сапары менен барды.

Мэриянын маалыматына ылайык, шаар башчысы аскер бөлүгүнүн кызматтык ишмердүүлүгү, күжүрмөн даярдыгы, материалдык-техникалык базасы жана өздүк курам үчүн түзүлгөн шарттар менен жеринде таанышты.

Иш сапарынын жүрүшүндө бөлүктүн жетекчилиги коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, мамлекеттик маанидеги объектилерди кайтаруу, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар жана массалык иш-чаралар учурунда коомдук тартипти сактоо боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Жанарбек Акаев казарманы, ашкананы, медициналык пунктту, спорт аянтчасын жана жоокерлер пайдаланган башка жайларды кыдырып, аскер кызматкерлери менен баарлашты. Ошондой эле алардын кызмат өтөөсү жана жашоо шарттары боюнча сунуш-пикирлерин укту.

Жолугушууда аскер кызматкерлеринин социалдык-тиричилик шарттарын жакшыртуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана материалдык-техникалык камсыздоону чыңдоо маселелери да каралды.

Иш сапарынын соңунда шаар мэри Ички аскерлер өлкөдө мыйзамдуулукту, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү роль ойной турганын белгилеп, өздүк курамга ийгиликтерди каалады.

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media