Таласта жаратылышты коргоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Таласта жаратылышты коргоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Талас облусунда өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын жана жайыттарды сактоо максатында туристтерге, эс алуучуларга жана жергиликтүү тургундарга экологиялык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас аймактык башкармалыгы Талас облустук ички иштер башкармалыгынын Туристтик милициясы менен биргеликте жаратылышты коргоого багытталган алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Иш-чаранын негизги максаты өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын, жайыт жерлерин жана табигый экосистемаларды сактоо болду.

Рейддердин жүрүшүндө туристтерге, эс алуучуларга жана жергиликтүү тургундарга автоунаалар жана эндуро-мотоциклдер менен жайыттарда жүрүүнүн жаратылышка тийгизген терс таасири түшүндүрүлдү. Ошондой эле экологиялык мыйзамдардын талаптарын сактоо, белгиленген каттамдар менен гана жүрүү жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу зарылдыгы боюнча эскертүүлөр берилди.

Министрлик жарандарды жана аймактын конокторун жаратылышты коргоо боюнча талаптарды так сактоого чакырып, мындай алдын алуу иш-чаралары экологиялык мыйзам бузуулардын алдын алууга багытталганын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги Ауезов көчөсү пайдаланууга берилди

Бишкектеги Ауезов көчөсү пайдаланууга берилди

1-августтан тартып Ауэзов көчөсүнүн Жибек Жолу проспектинен Салиева көчөсүнө чейинки бөлүгү комплекстүү оңдоп-түзөөдөн кийин унаалардын кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында жолдун коопсуздугун, ыңгайлуулугун жана өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган курулуш жана калыбына келтирүү иштеринин толук комплекси аткарылды. Оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүндө

ИИМдин эксперт-криминалисттери квалификациясын жогорулатты

ИИМдин эксперт-криминалисттери квалификациясын жогорулатты

Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалисттик кызматынын кызматкерлери Россия ИИМинин Эксперттик-криминалисттик борборунун адистери өткөргөн квалификацияны жогорулатуу курсун ийгиликтүү аяктап, сертификаттарга ээ болушту. Министрликтин маалыматына ылайык, окуу курсу Кыргызстан менен Россиянын ички иштер органдарынын кызматташтыгынын алкагында уюштурулуп, эксперт-криминалисттердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга багытталды. Анын жүрүшүндө соттук генетиканын заманбап ыкмалары, геномдук изи

Бишкектеги 4 акча алмаштыруучу жайдын лицензиясы убактылуу токтотулду

Бишкектеги 4 акча алмаштыруучу жайдын лицензиясы убактылуу токтотулду

Улуттук банк Бишкек шаарындагы төрт алмашуу бюросунун лицензияларынын аракетин эки жумага убактылуу токтотту. Маалыматка ылайык, Улуттук банк мыйзам талаптарын жана өзүнүн нормативдик укуктук актыларын бузган бир катар алмашуу бюролоруна карата таасир этүүчү чараларды колдонду. Улуттук банктын чечими менен 2026-жылдын 30-июлунан 13-августка чейин төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети

Валюта алмаштыруу эрежесин бузгандарга 17,5 миң сомдон айып салынды

Валюта алмаштыруу эрежесин бузгандарга 17,5 миң сомдон айып салынды

Улуттук банк мыйзам талаптарын жана өзүнүн нормативдик укуктук актыларын бузган жарандарга карата таасир этүүчү чараларды көрдү. Улуттук банктын маалыматына ылайык, Ысык-Көл облусунун төрт тургунуна жана Жалал-Абад облусунун эки тургунуна мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн ар бирине 17 500 сомдон айып пул салынды. Мындан тышкары, Ысык-Көл облусунда лицензиясы жок