Бишкекте алты айда 6163 мыйзамсыз объект демонтаждалды

Бишкекте алты айда 6163 мыйзамсыз объект демонтаждалды

Бишкек шаардык мэриясында өткөн аппараттык жыйында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы 2026-жылдын биринчи жарым жылындагы ишинин жыйынтыгын сунуштады.

Башкармалыктын маалыматына ылайык, отчеттук мезгилде борбор калаада мыйзамсыз орнотулган 6 163 объектдемонтаждалган.

Жыйында шаар мэри Айбек Джунушалиев башкармалыктын ишинин оң жыйынтыктарын белгилөө менен бирге, негизги көрсөткүч түзүлгөн протоколдордун же өндүрүлгөн айып пулдардын саны эмес, шаардагы тартипти чыңдоо жана шаар келбетин жакшыртуу болушу керектигин белгиледи.

Ошондой эле мэр төрт административдик райондун башчыларына шаарды көрктөндүрүү эрежелерин жана коопсуздук талаптарын бузуп иштеп жаткан мыйзамсыз объекттерди демонтаждоо иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, Шанхай кызматташтык уюмунун иш-чараларына даярдыктын алкагында оңдолуп жаткан көчөлөрдү комплекстүү көрктөндүрүүнү жана аялдама комплекстерин орнотуу иштерин тездетүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди.

Айбек Джунушалиевдин айтымында, мындай иштердин негизги максаты — айып пул өндүрүү эмес, шаар тургундарынын мыйзамды жана коомдук тартипти сактоо маданиятын калыптандыруу болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media