Бишкектеги "Алтын Ордо" конушунун 9 көчөсүнө жарык орнотулду

Бишкектеги "Алтын Ордо" конушунун 9 көчөсүнө жарык орнотулду

Ленин районундагы "Алтын Ордо" конушунун тогуз көчөсүндө тышкы жарыктандыруу системасын орнотуу иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бишкек шаарынын Ленин районундагы "Алтын Ордо" конушунда тогуз көчөгө заманбап тышкы жарыктандыруу орнотулду.

Мэриянын маалыматына ылайык, "Бишкек жарык" муниципалдык ишканасы тарабынан Аян, Сары-Өзөн, Керемет, Нурислам, Нурзаман, Ак-Шоола, Сулайман-Тоо, Ак-Нур жана Баян көчөлөрүндө жарыктандыруу иштери аяктады.

Долбоордун алкагында СИП 4×16 үлгүсүндөгү өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган зымды колдонуу менен 5 миң метр электр линиясы тартылып, кубаттуулугу 50 Вт болгон 109 заманбап LED чырагы орнотулду.

Белгиленгендей, жаңы жарыктандыруу көчөлөрдүн жарык болушун камсыздап, жол кыймылынын жана жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жогорулатууга, ошондой эле кечки убакта тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.

Аталган иштер Ленин районунун аймагын көрктөндүрүү жана инженердик инфраструктураны өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында аткарылды.

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media