Экологиялык талаптарды бузган жарандарга айып пул салынды

Экологиялык талаптарды бузган жарандарга айып пул салынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы тарабынан экологиялык мыйзамдардын талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.

Бишкек шаарында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери менен биргеликте атмосфералык абаны коргоо жана абанын булганышын алдын алуу боюнча көзөмөл жүргүзүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө автоунаалар текшерилип, экологиялык талаптарды бузуу фактысы аныкталды. Укук бузган жаранга карата мыйзамда белгиленген тартипте 7 500 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.

Ошондой эле Аламүдүн капчыгайында экологиялык нормалардын сакталышын көзөмөлдөө максатында мониторинг жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгында калдыктарды белгиленбеген жерге таштоо фактысы аныкталып, мыйзам талаптарын бузган жаранга 16 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдардын талаптарын сактоого чакырып, жаратылышты булгаган жана экологиялык талаптарды бузган учурларга карата мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөрүн эскертет.

Мындан тышкары окуңуз

Кызыл-Кыяда курулуш талаптарын бузган жеке ишкерге чара көрүлдү

Кызыл-Кыяда курулуш талаптарын бузган жеке ишкерге чара көрүлдү

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жеке менчик жер тилкесинде салынып жаткан эки кабаттуу соода борборунун курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кулатов көчөсүндө жайгашкан объекттеги иштер тиешелүү уруксат берүүчү жана долбоордук документтер таризделбестен жүргүзүлгөн. Жер казууда

Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Бишкекте 11-августта Тоголок Молдо көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Абдымомунов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Калаа мэриясынын билдиришкендей, аталган тилкеде бул убакта курулуш иштери жүргүзүлөт. Ал эми Фрунзе жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши кайрадан унаалар үчүн ачылат. Мэрия айдоочуларды жол кыймылындагы убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алып, жол белгилеринин талаптарын так

Ошто 13,5 млн еврого эне-балага арналган медициналык борбор курулуп жатат

Ошто 13,5 млн еврого эне-балага арналган медициналык борбор курулуп жатат

Ош шаарында эне-бала саламаттыгын коргоого багытталган Перинаталдык борбордун курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор Германиянын өнүктүрүү банкынын (KfW) 13,5 млн евро өлчөмүндөгү гранттык каражатынын эсебинен ишке ашырылууда. Аталган борбор 249 орунга ылайыкталып, кош бойлуу аялдарга, төрөттөн кийинки энелерге жана ымыркайларга

Валюталардын бүгүнкү курсу: юань өстү, доллар өзгөргөн жок

Валюталардын бүгүнкү курсу: юань өстү, доллар өзгөргөн жок

Улуттук банк 8-августка карата валюталардын расмий курсун жарыялады. Ага ылайык, доллардын курсу өзгөрүүсүз, тагыраагы 87,4500 сом бойдон калды. Евро 100,9435 сомдон 100,7730 сомго түшүп, 0,17%га төмөндөдү. Ал эми рублдин курсу 1,0652 сом деп белгиленип, 1,36%га түштү. Теңге болсо 0,1871 сомдон