Садовое айылындагы мектеп 170 млн сомго капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө

Садовое айылындагы мектеп 170 млн сомго капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы Чүй районунун Садовое айылындагы Иса Укуев атындагы мектепте капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүдө.

Ведомствонун маалыматына ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, анын жалпы наркы 170 миллион сомду түзөт.

Капиталдык оңдоонун алкагында мектеп имараты толугу менен жаңыланып, ички жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле бардык инженердик тармактар алмаштырылып, көмүр менен иштеген жаңы жылытуу системасы орнотулду.
Мындан тышкары, окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар залы жана спорт залы заманбап талаптарга ылайык оңдолуп жатат. Учурда имараттын сырткы фасадын жасалгалоо иштери уланууда.
Белгилей кетсек, мектеп имараты союз мезгилинде курулуп, ошондон бери биринчи жолу капиталдык оңдоодон өтүп жатат. Мурда 504 окуучуга ылайыкталган билим берүү мекемесиндеги жыйындар залы менен спорт залында толук шарт жок болгондуктан, алар пайдаланылбай келген.

Оңдоо иштери аяктагандан кийин мектеп толук пайдаланууга берилип, окуучулар заманбап жана ыңгайлуу шартта билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Мындан тышкары окуңуз

Министрлик: Тарых музейинин эки кабаты Кытайга берилгени тууралуу маалымат жалган

Министрлик: Тарых музейинин эки кабаты Кытайга берилгени тууралуу маалымат жалган

Желеде Улуттук тарых музейинин 4-5-кабаттары Кытай тарапка өткөрүлүп берилгени тууралуу тараган маалыматтын чындыкка дал келбесин Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Министрликтин маалыматына караганда, музейдин эч бир бөлүгү чет өлкөлүк мекемелерге менчикке, ижарага же туруктуу пайдаланууга берилген эмес. Белгилегендей, “Гармония сулуулукту жаратат: Байыркы Кытай цивилизациясынын көркөм өнөр

Кызыл-Кыяда курулуш талаптарын бузган жеке ишкерге чара көрүлдү

Кызыл-Кыяда курулуш талаптарын бузган жеке ишкерге чара көрүлдү

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жеке менчик жер тилкесинде салынып жаткан эки кабаттуу соода борборунун курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кулатов көчөсүндө жайгашкан объекттеги иштер тиешелүү уруксат берүүчү жана долбоордук документтер таризделбестен жүргүзүлгөн. Жер казууда

Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Бишкекте 11-августта Тоголок Молдо көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Абдымомунов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Калаа мэриясынын билдиришкендей, аталган тилкеде бул убакта курулуш иштери жүргүзүлөт. Ал эми Фрунзе жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши кайрадан унаалар үчүн ачылат. Мэрия айдоочуларды жол кыймылындагы убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алып, жол белгилеринин талаптарын так

Ошто 13,5 млн еврого эне-балага арналган медициналык борбор курулуп жатат

Ошто 13,5 млн еврого эне-балага арналган медициналык борбор курулуп жатат

Ош шаарында эне-бала саламаттыгын коргоого багытталган Перинаталдык борбордун курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор Германиянын өнүктүрүү банкынын (KfW) 13,5 млн евро өлчөмүндөгү гранттык каражатынын эсебинен ишке ашырылууда. Аталган борбор 249 орунга ылайыкталып, кош бойлуу аялдарга, төрөттөн кийинки энелерге жана ымыркайларга