Бишкекте автокраны оодарылган компанияга 200 миң сом айып салынды

Бишкекте автокраны оодарылган компанияга 200 миң сом айып салынды

Бүгүн Бишкек шаарынын Арстанбек Дүйшеев көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайдын курулуш аянтчасында жүк көтөрүүчү автокран оодарылып кетти. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя тууралуу кабар түшөрү менен министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан ыкчам текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында автокран темир түтүктөрдү көтөрүү учурунда жүк көтөрүүчү техниканын туруктуулугу талаптагыдай камсыздалбагандыктан оодарылып кеткени аныкталган.

Окуядан жабыркагандар болгон эмес. Бирок автокранды жылдыруу маалында анын жанында турган жеңил унаанын сырты чийилип кеткен. Курулуш компаниясы келтирилген чыгымды толугу менен өз эсебинен калыбына келтирерин билдирген.

Курулуш иштеринде коопсуздук талаптарын жана курулуш ченемдерин бузгандыгы үчүн "Нурзаман" ЖЧКсына 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Мындан тышкары, объекттин прорабы менен автокрандын машинисти тиешелүү сертификаттарынан ажыратылды.

Ошондой эле мамлекеттик көзөмөлдү талаптагыдай жүргүзбөгөндүгү үчүн Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин жооптуу адисине тартиптик жаза колдонулуп, ал ээлеген кызматынан бошотулду.

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media