Лейлектеги үрөнчүлүк чарбаларда фитосанитардык мониторинг жүргүзүлдү
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Баткен облусундагы башкармалыгынын жана Баткен регионалдык ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын адистери Лейлек районундагы мамлекеттик макамга ээ үрөнчүлүк чарбаларда биргелешкен мониторинг өткөрүштү.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, мониторинг "Лейлек сорт сыноо", "Артур" жана "Алтын дан" үрөнчүлүк кооперативдеринде жүргүзүлүп, чарбалардын ишмердүүлүгү, үрөндөрдүн сапаты, аларды сактоо шарттары жана фитосанитардык талаптардын аткарылышы текшерилди.
Адистердин айтымында, мындай мониторингдер сапаттуу үрөн өндүрүүнү камсыз кылууга, фитосанитардык коопсуздукту чыңдоого жана айыл чарба тармагынын туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.