Борбордогу "Аска-Таш" комплексинин аймагы көрктөндүрүлүүдө

Борбордогу "Аска-Таш" комплексинин аймагы көрктөндүрүлүүдө

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Фучик көчөсүндө жайгашкан "Аска-Таш" мемориалдык комплексиндеги фонтандарды оңдоо жана аймагын көрктөндүрүү иштери уланууда.

Мэриянын маалыматына ылайык, аталган иштер Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына даярдык көрүүнүн алкагында жүргүзүлүүдө.

Долбоорго ылайык, фонтандар комплекстүү оңдолуп, ички жана тышкы инженердик тармактар толугу менен алмаштырылууда. Мындан тышкары, аймакты көрктөндүрүү максатында таман таш төшөө, автоматтык сугаруу системасынын түтүктөрүн орнотуу жана башка курулуш-монтаждоо иштери аткарылууда.

Учурда объектте таман таш төшөө иштери уланууда. Фонтандардын чөйчөктөрү толугу менен бетондолуп, гранит менен капталууда. Курулуш-монтаждоо иштери бекитилген графикке ылайык жүрүп жатат.

Долбоор ишке ашырылгандан кийин мемориалдык комплекстин инженердик инфраструктурасы жаңыланып, архитектуралык көрүнүшү жакшыртылат. Ошондой эле борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Курулуш иштерин "Гранд Про" ЖЧКсы жүргүзүүдө.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Аймактарда социалдык коргоо мекемелерин куруу, оңдоо иштери жүргүзүлүүдө

Аймактарда социалдык коргоо мекемелерин куруу, оңдоо иштери жүргүзүлүүдө

КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өлкөнүн аймактарында социалдык коргоо тутумунун жаңы мекемелерин куруу жана иштеп жаткан мекемелерди капиталдык оңдоо боюнча долбоорлор ишке ашырылып жатканын маалымдады. Министрликтин билдирүүсүнө караганда, социалдык инфраструктураны өнүктүрүүнүн алкагында Кара-Кулжа райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жаңы имараты курулууда. Долбоорду ишке ашырууга КРнын

Ишкер Media
Ош менен Бразилия кызматташтыктын жаңы барагын ачууда

Ош менен Бразилия кызматташтыктын жаңы барагын ачууда

Бүгүн Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова Бразилиянын Кыргызстандагы Элчиси Марсел Фортуна Биато менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жолугушууда соода-экономика, инвестиция, айыл чарба, билим берүү, энергетика жана заманбап технологиялар боюнча кызматташуу талкууланды. Айыл чарбада заманбап технологияларды киргизүү, тажрыйба алмашуу жана айыл чарба техникаларын

Ишкер Media
Коомдук жерлерде тамеки тарткан жарандар административдик жоопкерчиликке тартылды

Коомдук жерлерде тамеки тарткан жарандар административдик жоопкерчиликке тартылды

КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 83-беренесине (Белгиленбеген жерлерде тамеки заттарын тартуу) ылайык, коомдук же атайын уруксат берилбеген жерлерде тамеки тарткан жарандар административдик жоопкерчиликке тартылат. Ушуга байланыштуу милиция кызматкерлери тарабынан мыйзам талаптарынын бузулушун аныктоого жана алдын алууга багытталган “Тамеки тартуу” аталышындагы профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү. Ага ылайык, “Саксаул”, “Пинта”, “Ориентал”

Ишкер Media
"Кыргызфармация" Кытайдын тажрыйбасын киргизет

"Кыргызфармация" Кытайдын тажрыйбасын киргизет

"Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасынын директору Акылбек Туратбек уулу жетекчилиги менен Кыргызстандын делегациясы Кытайдын Ухань шаарында иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, делегация курамында Саламаттык сактоо министрлигинин, Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин жана "Кыргызфармация" ишканасынын өкүлдөрү бар. Иш сапар "Кыргызфармациянын" жаңы фармацевтикалык

Ишкер Media