Бишкектеги №57 мектеп жаңы окуу жылына чейин толук оңдолот

Бишкектеги №57 мектеп жаңы окуу жылына чейин толук оңдолот

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Ленин районунда жайгашкан №57 муниципалдык орто жалпы билим берүү мектебинин имаратында капиталдык оңдоо иштери уланууда.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, мектептин имараты 1962-жылы курулуп, 920 окуучуга ылайыкталган. Пайдаланууга берилгенден бери имаратта биринчи жолу капиталдык оңдоо жүргүзүлүүдө. 2025-2026-окуу жылында мектепте 1682 окуучу билим алган.

Учурда объекттеги демонтаждоо иштери толугу менен аяктады. Бүгүнкү күндө чатырды жабуу, дубалдарды шыбоо, имараттын фасадынын темир каркасын орнотуу жана башка курулуш-монтаждоо иштери жүрүп жатат.

Долбоордун алкагында инженердик тармактарды жаңылоо, имараттын ички жана сырткы жасалгалоо иштерин жүргүзүү, фасадын жана чатырын капиталдык оңдоо каралган. Курулуш иштерин "Рим и Ко" ЖЧКсы жүргүзүүдө.

Капиталдык оңдоо иштерин 2026-2027-окуу жылынын башталышына чейин толук аяктоо пландалууда. Оңдоо иштери бүткөндөн кийин окуучулар жана мугалимдер үчүн заманбап, коопсуз жана ыңгайлуу билим берүү шарттары түзүлөт.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Жашы жете элек кыз – улуу адамды кайырчылык кылууга калтырып кеткен

Жашы жете элек кыз – улуу адамды кайырчылык кылууга калтырып кеткен

Бишкекте милиция кызматкерлери социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда белгисиз аял киши эркек кишини кайырчылык менен алектенүүгө калтырып кеткен учурдун видеосун аныктады. Ага ылайык, бул факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнын маалыматтарды электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган. Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, текшерүүнүн катыйжасында, видеодогу

Бишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылды

Бишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылды

Бишкек шаарында Улуттук шахмат академиясы расмий ишин баштады. Анын ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, академияда жаш шахматчыларды окутуу жана машыктыруу үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты. Ачылыш аземинде Адылбек Касымалиев шахматчылардын ата-энелери менен жолугуп, балдар менен жаштардын интеллектуалдык жана ар тараптуу өнүгүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн

Ысык-Ата районунда айнек пакеттерин жана жарык чагылдыруучу айнектерди өндүрүү ишке кирди

Ысык-Ата районунда айнек пакеттерин жана жарык чагылдыруучу айнектерди өндүрүү ишке кирди

Экономика жана коммерция министрлигинин көмөгү менен айнек пакеттерин жана жарык чагылдыруучу айнектерди өндүрүүгө адистешкен кыргыз-өзбек биргелешкен «ГЛАСС ЦЕНТР» ишканасы ачылды. Мекемеден кабарлагандай, ачылыш аземи кече 12-сентябрда өткөрүлүп, ага экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова катышты. Долбоорду ишке ашырууга 482 млн сом инвестиция салынган. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу

Жылуулук насосу көмүр мешине альтернатива катары сунушталууда

Жылуулук насосу көмүр мешине альтернатива катары сунушталууда

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда экологиялык таза жылытуу системаларын орнотууга мамлекеттик жеңилдетилген насыя берүү уланууда. Жеке менчик үйлөрдун ээлери заманбап жана энергияны үнөмдөөчү жабдууларды сатып алуу жана орнотуу үчүн жылдык 6% менен беш жылга чейинки мөөнөткө 1 миллион сомго чейин насыя ала алышат. Финансы министрлигинин маалыматына караганда, каржылоо “АБанк”, “Элдик