Нурдан Орунтаев Караколдогу тарыхый музейдин оңдоп-түзөө иштерин текшерди

Нурдан Орунтаев Караколдогу тарыхый музейдин оңдоп-түзөө иштерин текшерди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Каракол шаарына болгон иш сапарынын алкагында тарыхый музейде жүргүзүлүп жаткан реконструкция иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Министрликтин маалыматына ылайык, долбоор жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, анын жалпы наркы 159 миллион сомду түзөт. Реконструкция иштерин Курулуш министрлигине караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы аткарууда.

Нурдан Орунтаев тарыхый-архитектуралык мурастын сакталышын камсыз кылуу, реставрация иштерин талапка ылайык жогорку деңгээлде жүргүзүү жана белгиленген графиктен кечиктирбестен бүткөрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Учурда музейде ички жана сырткы жасалгалоо, ошондой эле инженердик тармактарды жаңылоо иштери уланууда. Бүгүнкү күнгө карата демонтаж иштери, чатырды оңдоо, терезелерди орнотуу, пол конструкцияларын бекемдөө жана сырткы көрктөндүрүү иштеринин негизги этаптары аяктады.

Мындан тышкары, объектте электр монтаждоо, ички жасалгалоо жана инженердик системаларды орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.

Башкы планга ылайык, музей комплекси үч корпустан турат. Имараттардын жалпы аянты 1316 чарчы метрди түзөт.

Реконструкциянын негизги максаты — тарыхый музейдин архитектуралык өзгөчөлүктөрүн жана тарыхый баалуулугун сактоо менен бирге, имаратты заманбап талаптарга ылайык жаңылоо жана музейге келген жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү.

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media