Бажы жайларында утилизациялык жыйым боюнча стенддер орнотулду

Бажы жайларында утилизациялык жыйым боюнча стенддер орнотулду

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Эко Оператор" мамлекеттик ишканасы тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларына утилизациялык жыйымды төлөө тартиби боюнча маалымат берүү иштерин улантууда.

Ведомствонун маалыматына ылайык, бул багытта Мамлекеттик бажы кызматы менен кызматташуунун алкагында Түндүк-Чыгыш бажысында жана "Түндүк" темир жол бажысында атайын маалыматтык стенддер орнотулду.

Маалыматтык стенддер товарларды бажылык жол-жоболоштуруу үчүн келген жарандарга, импорттоочуларга, декларациялоочуларга жана уюмдардын өкүлдөрүнө утилизациялык жыйым боюнча керектүү маалыматтарды жеткиликтүү форматта берүү максатын көздөйт.

Стенддерде утилизациялык жыйымды төлөө тартиби, жыйым төлөнүүгө тийиш болгон товарлардын тизмеси, тиешелүү ченемдик-укуктук актылар жөнүндө маалыматтар, ошондой эле кошумча консультация алуу үчүн "Эко Оператор" мамлекеттик ишканасынын байланыш маалыматтары жайгаштырылган.

Эми Түндүк-Чыгыш бажысына жана "Түндүк" темир жол бажысына товарларын бажылык жол-жоболоштуруу үчүн кайрылган жарандар жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары утилизациялык жыйым боюнча керектүү маалыматтарды жеринен алып, кызыктырган суроолору боюнча кеңири түшүндүрмө ала алышат.

"Эко Оператор" мамлекеттик ишканасы мындан ары да утилизациялык жыйым боюнча маалымдуулукту жогорулатууга жана аны башкаруу механизминин ачык-айкындуулугун камсыз кылууга багытталган иштерди улантат.

Мындан тышкары окуңуз

Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media
Ошто 393 млн сомдук балмуздак чыгаруучу завод ишке кирет

Ошто 393 млн сомдук балмуздак чыгаруучу завод ишке кирет

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев "ОбидФайз" ЖЧКнын балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу заводун көрүп чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, долбоордун инвестициясы 393,7 млн сом, ишкананын өздүк каражатынан каржыланган. Курулуш иштери аяктап, завод пайдаланууга даяр. Ишкана суткасына 15 тоннага чейин сүт азыктарын

Ишкер Media
"Манас" бажысында "Смарт Бажы" системасы 26-сентябрдан тарта ишке кирет

"Манас" бажысында "Смарт Бажы" системасы 26-сентябрдан тарта ишке кирет

"Манас" бажысында бизнес-коомчулук, ТЭИ катышуучулары, бажы өкүлдөрү жана адистердин катышуусунда Консультативдик кеңештин жыйыны өттү. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди. Маалымдалгандай, жыйындын негизги маселеси - "Смарт Бажы" маалыматтык тутумунун декларациялоо модулун ишке киргизүү болду. ТЭИ катышуучуларына модуль 26-сентябрдан тарта ишке кирери маалымдалды. Жөнгө салуу жана тестирлөө

Ишкер Media