Бишкекте тротуарды бузган курулуш компаниясы кара тизмеге киргизилди

Бишкекте тротуарды бузган курулуш компаниясы кара тизмеге киргизилди

Бишкек шаарынын Көк-Жар кичи районундагы 7-Апрель көчөсүндө жайгашкан курулуш объектисинде жөө адамдар өтүүчү тротуардын бузулушу боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүүдө жер казуу иштеринен улам тротуар бузулуп, айрым жерлеринде жаракалар пайда болгону аныкталды. Ошондой эле көрктөндүрүү, коопсуздук жана курулуш талаптары сакталган эмес. Мындан тышкары, объект Мамлекеттик бирдиктүү курулуш реестрине катталбастан курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлгөн.

Натыйжада "Улан Строй Компани" ЖЧКсына 200 миң сом айып салынып, лицензиясы 90 күнгө токтотулду жана компания кара тизмеге киргизилди.

Прораб жана инженердик-техникалык кызматкерлер квалификациялык сертификаттарынан ажыратылды. Департаменттин тиешелүү инспектору кызматынан бошотулуп, объектинин жумушчу долбоору жана шаар куруу корутундусу жокко чыгарылды.

Компанияга бузулган тротуарды толук калыбына келтирүү талабы коюлду. Ошондой эле объекттеги оор жүк ташуучу атайын техникаларды пайдаланууга тыюу салынып, аларга мөөр басылды.

Учурда жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн бузулган тилке тосулуп, кошумча жарыктандыруу орнотулду.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Жыл аягына чейин 20 миң үй-бүлө МИК аркылуу батирлүү болот

Садыр Жапаров: Жыл аягына чейин 20 миң үй-бүлө МИК аркылуу батирлүү болот

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Бишкекте "Асман Резиденс-1" турак жай комплексинин ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабралды. Жаңы батирлер күч түзүмдөрүнө - УКМК, Башкы прокуратура, Коргоо министрлиги, ИИМ, Чек ара кызматы, ЖАМК жана Мамлекеттик күзөт кызматынын өкүлдөрүнө "Менин үйүм" программасы аркылуу берилди. Президент белгилегендей, жыл аягына

Ишкер Media
Ош шаарынын агрардык ишканасы быйыл 89,3 тонна түшүм жыйнады

Ош шаарынын агрардык ишканасы быйыл 89,3 тонна түшүм жыйнады

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев "Агрардык чарба" муниципалдык ишканасында болуп, түшүм жыйноо жана күздүк себүү иштери менен таанышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайк, быйыл ишкана 64,7 тонна буудай, 24,6 тонна арпа жыйнады. Жалпы түшүм - 89,3 тонна. Учурда күздүк айдоо жана себүү иштери башталды.

Ишкер Media
Президенттикке талапкерлердин шайлоо фонду үчүн эки банк аныкталды

Президенттикке талапкерлердин шайлоо фонду үчүн эки банк аныкталды

БШК бүгүнкү жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган президенттик шайлоого катышкан талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн "Элдик Банк" жана "АБанк" ААКсын аныктады. Бул тууралуу комитеттен билдиришти. Маалым болгондой, аталган банктардын жана башка бир катар банктардын мобилдик тиркемелери аркылуу ыктыярдуу кайрымдуулук салымдарын которууга уруксат берилди.

Ишкер Media
Улуттук госпиталга 68 млн сомдук жабдуу берилди, операция саны 2 эсе көбөйөт

Улуттук госпиталга 68 млн сомдук жабдуу берилди, операция саны 2 эсе көбөйөт

Бүгүн Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев Sharjah Charity International жана "Ихсан-Хайрия" фонддорунун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда Улуттук госпиталдын №1 көз микрохирургия бөлүмүнө заманбап жабдууларды өткөрүп берүү талкууланды. Демилге 2024-жылы Шарджа Эмиратынын Эмиринин орун басары шейх Султан бин Ахмад

Ишкер Media