Фитосанитардык көзөмөлдөгү кемчиликтерди жоюу боюнча тапшырмалар берилди

Фитосанитардык көзөмөлдөгү кемчиликтерди жоюу боюнча тапшырмалар берилди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин коллегиялык жыйыны өттү.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жыйынга министрликтин Өсүмдүк өстүрүү жана багбанчылык башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов, департаменттин жетекчилиги, борбордук аппараттын кызматкерлери, аймактык башкармалыктардын жетекчилери жана адистер катышты.

Коллегияда департаменттин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, аткарылган иштер жана алдыдагы милдеттер талкууланды.

Департаменттин жана аймактык башкармалыктардын отчеттору угулуп, жетишкендиктер, көйгөйлөр жана иштеги кемчиликтер каралды.

Жыйында мамлекеттик фитосанитардык көзөмөлдүн сапатын жогорулатуу, өсүмдүктөрдүн карантини жана коргоосу, пестициддер менен жер семирткичтердин жүгүртүлүшүн көзөмөлдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле импорттук жана экспорттук продукциялардын фитосанитардык талаптарга шайкештигин камсыз кылуу талкууланды.

Туратбек Идрисов жетекчиликтин тапшырмаларын жеткирип, департаменттин алдыдагы ишинин негизги багыттарын белгиледи.

Жыйынтыгында аныкталган кемчиликтерди жоюу, иштин натыйжалуулугун жогорулатуу жана тапшырмаларды өз мөөнөтүндө аткаруу боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Жыл аягына чейин 20 миң үй-бүлө МИК аркылуу батирлүү болот

Садыр Жапаров: Жыл аягына чейин 20 миң үй-бүлө МИК аркылуу батирлүү болот

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Бишкекте "Асман Резиденс-1" турак жай комплексинин ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабралды. Жаңы батирлер күч түзүмдөрүнө - УКМК, Башкы прокуратура, Коргоо министрлиги, ИИМ, Чек ара кызматы, ЖАМК жана Мамлекеттик күзөт кызматынын өкүлдөрүнө "Менин үйүм" программасы аркылуу берилди. Президент белгилегендей, жыл аягына

Ишкер Media
Ош шаарынын агрардык ишканасы быйыл 89,3 тонна түшүм жыйнады

Ош шаарынын агрардык ишканасы быйыл 89,3 тонна түшүм жыйнады

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев "Агрардык чарба" муниципалдык ишканасында болуп, түшүм жыйноо жана күздүк себүү иштери менен таанышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайк, быйыл ишкана 64,7 тонна буудай, 24,6 тонна арпа жыйнады. Жалпы түшүм - 89,3 тонна. Учурда күздүк айдоо жана себүү иштери башталды.

Ишкер Media
Президенттикке талапкерлердин шайлоо фонду үчүн эки банк аныкталды

Президенттикке талапкерлердин шайлоо фонду үчүн эки банк аныкталды

БШК бүгүнкү жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган президенттик шайлоого катышкан талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн "Элдик Банк" жана "АБанк" ААКсын аныктады. Бул тууралуу комитеттен билдиришти. Маалым болгондой, аталган банктардын жана башка бир катар банктардын мобилдик тиркемелери аркылуу ыктыярдуу кайрымдуулук салымдарын которууга уруксат берилди.

Ишкер Media
Улуттук госпиталга 68 млн сомдук жабдуу берилди, операция саны 2 эсе көбөйөт

Улуттук госпиталга 68 млн сомдук жабдуу берилди, операция саны 2 эсе көбөйөт

Бүгүн Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев Sharjah Charity International жана "Ихсан-Хайрия" фонддорунун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда Улуттук госпиталдын №1 көз микрохирургия бөлүмүнө заманбап жабдууларды өткөрүп берүү талкууланды. Демилге 2024-жылы Шарджа Эмиратынын Эмиринин орун басары шейх Султан бин Ахмад

Ишкер Media