Фитосанитардык талаптарга жооп бербеген 7 250 даана гүл көчөтү утилизацияланды

Фитосанитардык талаптарга жооп бербеген 7 250 даана гүл көчөтү утилизацияланды

"Кең-Сай" карантиндик-фитосанитардык көзөмөл өткөрүү пунктунда Кытай Эл Республикасынан Өзбекстан Республикасына транзиттик багытта ташылып келе жаткан гүл көчөттөрүнө фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө жүктүн курамында 24 түрдөгү, жалпы 7 250 даана гүл көчөтү бар экени аныкталып, аларга тиешелүү фитосанитардык документтер толук эмес экени белгилүү болгон.

Мыйзам талаптарына ылайык, документтери талапка жооп бербеген жүктү Өзбекстан Республикасынын аймагына өткөрүүгө жол берилген эмес.

Ошол эле учурда жүктү жөнөтүүчү өлкөгө кайра кайтарууга мүмкүнчүлүк болбогондуктан, тиешелүү мыйзамдардын талаптарына ылайык, Жалал-Абад бажы жана чек ара кызматтарынын өкүлдөрү менен биргеликте гүл көчөттөрү утилизацияланды.

Адистердин белгилешинче, мындай фитосанитардык көзөмөл иштери карантиндик зыяндуу организмдердин өлкө аймагына киришине жана андан ары таралышына жол бербөөгө багытталган.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media
Ошто 393 млн сомдук балмуздак чыгаруучу завод ишке кирет

Ошто 393 млн сомдук балмуздак чыгаруучу завод ишке кирет

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев "ОбидФайз" ЖЧКнын балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу заводун көрүп чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, долбоордун инвестициясы 393,7 млн сом, ишкананын өздүк каражатынан каржыланган. Курулуш иштери аяктап, завод пайдаланууга даяр. Ишкана суткасына 15 тоннага чейин сүт азыктарын

Ишкер Media
"Манас" бажысында "Смарт Бажы" системасы 26-сентябрдан тарта ишке кирет

"Манас" бажысында "Смарт Бажы" системасы 26-сентябрдан тарта ишке кирет

"Манас" бажысында бизнес-коомчулук, ТЭИ катышуучулары, бажы өкүлдөрү жана адистердин катышуусунда Консультативдик кеңештин жыйыны өттү. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди. Маалымдалгандай, жыйындын негизги маселеси - "Смарт Бажы" маалыматтык тутумунун декларациялоо модулун ишке киргизүү болду. ТЭИ катышуучуларына модуль 26-сентябрдан тарта ишке кирери маалымдалды. Жөнгө салуу жана тестирлөө

Ишкер Media