Караколдогу ири спорт шаарчасынын курулушу кайсы этапта?

Караколдогу ири спорт шаарчасынын курулушу кайсы этапта?

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарынын Кашка-Суу кичи районунда курулуп жаткан заманбап спорт шаарчасынын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоор 12 гектар аянтты ээлейт. Анын алкагында 275 орундуу спорт интернатын, эл аралык стандарттарга жооп берген 5 миң орундуу көп функционалдуу спорт комплексин, олимпиадалык стандарттагы бассейнди жана 200 орундуу мейманкананы куруу каралган.

Объектти көрүп чыгуу учурунда Нурдан Орунтаев курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруп, жумуштарды белгиленген мөөнөттө аяктоо, курулуш ченемдерин жана техникалык талаптарды так сактоо боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Учурда спорт шаарчасынын аймагында пайдубалдарды куруу жана темир-бетон конструкцияларын даярдоо иштери жүрүп жатат. Мейманкананын пайдубал балкаларын жана ресторандын мамыларын арматуралоо улантылууда. Ошондой эле бассейн курула турган жерде жер казуу иштери башталды.

Спорт шаарчасы пайдаланууга берилгенден кийин спортчуларды даярдоого, окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүгө жана эл аралык деңгээлдеги мелдештерди уюштурууга заманбап шарттар түзүлөт.

Курулуш иштери "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасынын көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media
Ошто 393 млн сомдук балмуздак чыгаруучу завод ишке кирет

Ошто 393 млн сомдук балмуздак чыгаруучу завод ишке кирет

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев "ОбидФайз" ЖЧКнын балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу заводун көрүп чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, долбоордун инвестициясы 393,7 млн сом, ишкананын өздүк каражатынан каржыланган. Курулуш иштери аяктап, завод пайдаланууга даяр. Ишкана суткасына 15 тоннага чейин сүт азыктарын

Ишкер Media
"Манас" бажысында "Смарт Бажы" системасы 26-сентябрдан тарта ишке кирет

"Манас" бажысында "Смарт Бажы" системасы 26-сентябрдан тарта ишке кирет

"Манас" бажысында бизнес-коомчулук, ТЭИ катышуучулары, бажы өкүлдөрү жана адистердин катышуусунда Консультативдик кеңештин жыйыны өттү. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди. Маалымдалгандай, жыйындын негизги маселеси - "Смарт Бажы" маалыматтык тутумунун декларациялоо модулун ишке киргизүү болду. ТЭИ катышуучуларына модуль 26-сентябрдан тарта ишке кирери маалымдалды. Жөнгө салуу жана тестирлөө

Ишкер Media