Кыргызстанда дан эгиндерин оруп-жыюуга 1459 комбайн тартылды

Кыргызстанда дан эгиндерин оруп-жыюуга 1459 комбайн тартылды

Кыргызстанда дан эгиндерин оруп-жыюу өнөктүгүнө жалпы 1459 комбайн тартылды. Техникалар түшүмдүн бышып жетилүү мөөнөтүнө жараша аймактарга бөлүштүрүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Чүй облусундагы оруп-жыюу иштерине Ысык-Көл жана Нарын облустарынан 100дөн ашык дан комбайны тартылган. Учурда облуста оруп-жыюу өнөктүгү жыйынтыкталуу алдында турат.

Ал эми өлкөнүн түштүк аймактарында түшүм жыйноого 450гө жакын дан комбайны катышууда. Анын ичинен 100гө жакын техника тоо этегиндеги дыйканчылык зоналарына багытталган.

Маалыматка ылайык, 2026-жылы бир комбайнга туура келген оруп-жыюу аянты орточо 259 гектарды түздү.

Учурда дан эгиндерин оруп-жыюу өнөктүгү Ысык-Көл жана Нарын облустарында да башталды. Техникалардын аймактарга өз убагында бөлүштүрүлүшү түшүмдү белгиленген мөөнөттө жана коромжусуз жыйнап алууга багытталган.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

"Манас" бажысында "Смарт Бажы" системасы 26-сентябрдан тарта ишке кирет

"Манас" бажысында "Смарт Бажы" системасы 26-сентябрдан тарта ишке кирет

"Манас" бажысында бизнес-коомчулук, ТЭИ катышуучулары, бажы өкүлдөрү жана адистердин катышуусунда Консультативдик кеңештин жыйыны өттү. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди. Маалымдалгандай, жыйындын негизги маселеси - "Смарт Бажы" маалыматтык тутумунун декларациялоо модулун ишке киргизүү болду. ТЭИ катышуучуларына модуль 26-сентябрдан тарта ишке кирери маалымдалды. Жөнгө салуу жана тестирлөө

Ишкер Media
Башкы прокуратура менен БУУӨП коррупцияга каршы күрөшүүнү талкуулады

Башкы прокуратура менен БУУӨП коррупцияга каршы күрөшүүнү талкуулады

Бүгүн Бишкекте БУУӨПтүн "Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү жана отчеттуулук" долбоорунун Координациялык кеңешинин жыйыны өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Жыйынга Башкы прокурордун орун басары Залкарбек Акназаров катышты. Анын айтымында, БУУӨПтүн колдоосу 2025-2030-жылдарга коррупцияга каршы стратегияны ишке ашырууга өбөлгө түзүүдө. Кызматташуунун алкагында: • коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу боюнча

Ишкер Media
Ала-Букада 5 жылдан бери бүтпөй турган бала бакча текшерилди

Ала-Букада 5 жылдан бери бүтпөй турган бала бакча текшерилди

Жер титирөөгө туруктуу курулуш институтунун Түштүк башкармалыгы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айылындагы бала бакчаны текшерди. Бул тууралуу Курулуш министирлиги билдирди. Маалымдалгандай, объекттин курулушу 2018-жылы башталып, 2020-жылы токтоп калган. Адистер имараттын долбоордук документтерин карап чыгып, конструкцияларына инженердик-техникалык талдоо жүргүзүп, өлчөөлөрдү алды. Жыйынтыгында техникалык абал

Ишкер Media
Ысык-Көлдө мыйзамсыз салынган 32 объект аныкталып, 2,4 млн сом айып салынды

Ысык-Көлдө мыйзамсыз салынган 32 объект аныкталып, 2,4 млн сом айып салынды

Мамлекеттик курулуш көзөмөл департаментинин Ысык-Көл башкармалыгы Бишкек шаардык экологиялык прокуратуранын көрсөтмөсү менен текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Чолпон-Ата шаары жана Бостери айылындагы курорттук-рекреациялык объектилер, конок үйлөр жана туристтик жайлар пландан тышкары текшерилди. Жыйынтыгында 32 объект шаар куруу мыйзамдарын бузуу менен салынганы аныкталды. Мыйзам

Ишкер Media