Пенсияны жогорулатууга 4,4 млрд сом каралды
Кыргызстанда 2026-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү индексацияланып, минималдуу пенсия 8 800 сомго чейин жогорулатылат. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.
Бул чара президенттин 2026-жылдын 10-августундагы №278 Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлөт.
Маалыматка ылайык, пенсияларды индексациялоо коэффициенти пенсионерлерди кошумча колдоо максатында 1,20 өлчөмүндө белгиленди. Пенсиянын көбөйүшү 1 миң сомдон кем эмес жана 10 миң сомдон ашпайт.
Индексациядан кийин пенсиянын орточо өлчөмү 12 898 сомго жетет. Орточо жогорулатуу 1 753 сомду түзөт.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, өлкөдө 832,4 миң пенсионер бар. Пенсияларды индексациялоого 4,4 млрд сом каралган.
Ошондой эле жаңы пенсия дайындоодо анын минималдуу өлчөмү 8 800 сомдон төмөн болбойт.
Пенсияларды индексациялоо "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамдын 7-беренесине ылайык жүргүзүлөт.