Жети айда 387 этникалык кыргыз кайрылман статусун алды

Жети айда 387 этникалык кыргыз кайрылман статусун алды

Кыргызстанда 2026-жылдын жети айында 387 этникалык кыргызга кайрылман статусу берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.

Министрликтин маалыматына ылайык, кайрылман статусун алгандардын басымдуу бөлүгү Тажикстандан келген этникалык кыргыздар. Тактап айтканда, Тажикстандан келген 351, Өзбекстандан 16, Кытайдан 10, Россиядан 5, Ооганстандан 1 жана башка өлкөлөрдөн келген 4 адам кайрылман статусуна ээ болгон.

Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери өлкөгө 90 миңден ашуун этникалык кыргыз көчүп келген. Алардын 70 миңге жакыны Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган.

Кайрылман статусун берүү боюнча арыздар атайын ведомстволор аралык комиссия тарабынан каралат. Анын курамына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, ошондой эле Президенттин Иш башкармалыгына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү кирет. Арыздарды кароо мөөнөтү үч айды түзөт.

Мыйзамга ылайык, кайрылман статусуна ээ болгон адамдар социалдык жөлөкпул жана пенсия алууга, медициналык-санитардык жардамдан пайдаланууга, билим алууга жана Кыргызстандын аймагында эмгектенүүгө укуктуу. Алар үчүн өлкө жарандарына каралган социалдык кепилдиктерге жана жеңилдиктерге дээрлик тең укуктар каралган.

Кайрылмандын күбөлүгү үч жылдык мөөнөткө берилет. Бул убакыт аралыгында статус ээлери Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө арыз менен кайрылууга тийиш.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

"Манас" бажысында "Смарт Бажы" системасы 26-сентябрдан тарта ишке кирет

"Манас" бажысында "Смарт Бажы" системасы 26-сентябрдан тарта ишке кирет

"Манас" бажысында бизнес-коомчулук, ТЭИ катышуучулары, бажы өкүлдөрү жана адистердин катышуусунда Консультативдик кеңештин жыйыны өттү. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди. Маалымдалгандай, жыйындын негизги маселеси - "Смарт Бажы" маалыматтык тутумунун декларациялоо модулун ишке киргизүү болду. ТЭИ катышуучуларына модуль 26-сентябрдан тарта ишке кирери маалымдалды. Жөнгө салуу жана тестирлөө

Ишкер Media
Башкы прокуратура менен БУУӨП коррупцияга каршы күрөшүүнү талкуулады

Башкы прокуратура менен БУУӨП коррупцияга каршы күрөшүүнү талкуулады

Бүгүн Бишкекте БУУӨПтүн "Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү жана отчеттуулук" долбоорунун Координациялык кеңешинин жыйыны өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Жыйынга Башкы прокурордун орун басары Залкарбек Акназаров катышты. Анын айтымында, БУУӨПтүн колдоосу 2025-2030-жылдарга коррупцияга каршы стратегияны ишке ашырууга өбөлгө түзүүдө. Кызматташуунун алкагында: • коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу боюнча

Ишкер Media
Ала-Букада 5 жылдан бери бүтпөй турган бала бакча текшерилди

Ала-Букада 5 жылдан бери бүтпөй турган бала бакча текшерилди

Жер титирөөгө туруктуу курулуш институтунун Түштүк башкармалыгы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айылындагы бала бакчаны текшерди. Бул тууралуу Курулуш министирлиги билдирди. Маалымдалгандай, объекттин курулушу 2018-жылы башталып, 2020-жылы токтоп калган. Адистер имараттын долбоордук документтерин карап чыгып, конструкцияларына инженердик-техникалык талдоо жүргүзүп, өлчөөлөрдү алды. Жыйынтыгында техникалык абал

Ишкер Media
Ысык-Көлдө мыйзамсыз салынган 32 объект аныкталып, 2,4 млн сом айып салынды

Ысык-Көлдө мыйзамсыз салынган 32 объект аныкталып, 2,4 млн сом айып салынды

Мамлекеттик курулуш көзөмөл департаментинин Ысык-Көл башкармалыгы Бишкек шаардык экологиялык прокуратуранын көрсөтмөсү менен текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Чолпон-Ата шаары жана Бостери айылындагы курорттук-рекреациялык объектилер, конок үйлөр жана туристтик жайлар пландан тышкары текшерилди. Жыйынтыгында 32 объект шаар куруу мыйзамдарын бузуу менен салынганы аныкталды. Мыйзам

Ишкер Media