Бишкекте үч жаңы жөө жүргүнчүлөр өтмөгү сыноодон өтүүдө

Бишкекте үч жаңы жөө жүргүнчүлөр өтмөгү сыноодон өтүүдө

Борбор калаада жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жогорулатуу максатында үч жаңы жер үстүндөгү жөө жүргүнчүлөр өтмөгү ачылып, сыноо режиминде иштей баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Жаңы өтмөктөр төмөнкү көчөлөрдө жайгашкан:


- Жибек-Жолу проспектисинде;
- 7-Апрель көчөсүндө;
- Магистрал көчөсүндө.

Жаңы жөө жүргүнчүлөр өтмөктөрү шаар тургундары үчүн жолду коопсуз жана ыңгайлуу кесип өтүүгө шарт түзүүгө багытталган.

Сыноо мезгилинде адистер өтмөктөрдүн иштешине мониторинг жүргүзүп, алардын коопсуздугун жана шаар тургундары үчүн колдонууга канчалык ыңгайлуу экенин баалашат.

Мэриядан Бишкек шаарынын тургундарын жол кыймылынын эрежелерин сактоого, жолдон өтүүдө атайын жөө жүргүнчүлөр өтмөктөрүн пайдаланууга жана орнотулган жол белгилерине көңүл бурууга чакырашты.

Жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү борбор калаанын транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү негизги артыкчылыктардын бири экенин белгиленди.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Президенттикке талапкерлердин шайлоо фонду үчүн эки банк аныкталды

Президенттикке талапкерлердин шайлоо фонду үчүн эки банк аныкталды

БШК бүгүнкү жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган президенттик шайлоого катышкан талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн "Элдик Банк" жана "АБанк" ААКсын аныктады. Бул тууралуу комитеттен билдиришти. Маалым болгондой, аталган банктардын жана башка бир катар банктардын мобилдик тиркемелери аркылуу ыктыярдуу кайрымдуулук салымдарын которууга уруксат берилди.

Ишкер Media
Улуттук госпиталга 68 млн сомдук жабдуу берилди, операция саны 2 эсе көбөйөт

Улуттук госпиталга 68 млн сомдук жабдуу берилди, операция саны 2 эсе көбөйөт

Бүгүн Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев Sharjah Charity International жана "Ихсан-Хайрия" фонддорунун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда Улуттук госпиталдын №1 көз микрохирургия бөлүмүнө заманбап жабдууларды өткөрүп берүү талкууланды. Демилге 2024-жылы Шарджа Эмиратынын Эмиринин орун басары шейх Султан бин Ахмад

Ишкер Media
"Бишкекжылуулуктармагына" 56 миң сомго айыппул салынды

"Бишкекжылуулуктармагына" 56 миң сомго айыппул салынды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгы "Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасында пландуу текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Текшерүүдө ишкананын автотранспортторунун техникалык абалы жана атмосферага чыккан зыяндуу заттардын көлөмү көзөмөлгө алынды. Маалыматка ылайык, жыйынтыгында эки автоунаадан белгиленген ченемден ашык түтүн чыкканы аныкталды.

Ишкер Media
Араванда пахта терүү башталды

Араванда пахта терүү башталды

Ош облусунун Араван районунда пахта жыйноо башталды. Быйыл райондо 1 252 гектарга пахта айдалган. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Дыйкандардын маалыматына ылайык, быйыл түшүм мол болуп, гектарынан 60–70 центнерге чейин түшүм алынууда. Райондо негизинен кытайлык "Элита" сорту өстүрүлүүдө. Пахта өндүрүүдө тамчылатып сугаруу сыяктуу сууну үнөмдөөчү технологиялар

Ишкер Media