Кыргызстанда оор турмуштук кырдаалдагы 1 702 балага жардам көрсөтүлдү

Кыргызстанда оор турмуштук кырдаалдагы 1 702 балага жардам көрсөтүлдү

Жыл башынан бери Кыргызстанда өзгөчө көңүл бурууну талап кылган шарттарда жашаган 3 миң 606 бала аныкталды. Алардын ичинен 1 миң 702 бала оор турмуштук кырдаалдан чыгарылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, оор турмуштук кырдаалга кабылган балдардын укуктарын коргоо, коопсуздугун камсыз кылуу жана бакубаттуулугун калыбына келтирүү максатында баланы коргоо боюнча жекече иш-аракеттер пландары иштелип чыгууда.

Жалпысынан 2 миң 97 жекече план бекитилип, аларды ишке ашыруунун натыйжасында 1 миң 702 баланын турмуштук абалы жакшыртылган.

Мындан тышкары, 2026-жылы оор турмуштук кырдаалда жашаган 1 миң 937 үй-бүлө аныкталган. Бүгүнкү күнгө карата алардын 559у мындай кырдаалдан чыгарылды.

Үй-бүлөлөргө зарыл болгон социалдык жардам көрсөтүлүп, билим алууга жана жумушка орношууга көмөк берилди. Ошондой эле керектүү документтерин калыбына келтирүүгө жардам көрсөтүлүп, башка колдоо чаралары көрүлдү.

Бул иштер аймактык үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмдөрү менен тиешелүү мамлекеттик органдардын биргелешкен аракетинин алкагында жүргүзүлүүдө.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк 2026-жылдын II чейрегинде финансы-кредиттик уюмдарга 525 жазма буйрук берди

Улуттук банк 2026-жылдын II чейрегинде финансы-кредиттик уюмдарга 525 жазма буйрук берди

КРнын Улуттук банкы 2026-жылдын II чейрегинде көзөмөлүндөгү банк эмес жана адистештирилген финансы-кредиттик уюмдарга, ошондой эле башка юридикалык жактарга карата бир катар таасир этүү чараларын көргөн. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгында микрофинансылык уюмдарга 30, кредиттик союздарга 29, кредиттик бюрого 1 жана

Бажыда металл прокатын мыйзамсыз тариздөө фактысы аныкталды

Бажыда металл прокатын мыйзамсыз тариздөө фактысы аныкталды

КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгы кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Кытайдан "Ч.К.М." ЖЧКсынын дарегине алып келинген металл прокатынын партиясын мыйзамсыз тариздөө фактысын аныктады. Бажы кызматынын маалыматына ылайык, Түндүк-чыгыш бажысынын "Кант" бажылык тариздөө жайынын башкы инспектору К.М.Т. жана "Ч.К.М.

Аида Касымалиева БУУдагы туруктуу өкүл кызматынан бошотулду

Аида Касымалиева БУУдагы туруктуу өкүл кызматынан бошотулду

Аида Касымалиева Кыргызстандын Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү кызматынан кетти. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Касымалиева башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысынын тиешелүү жарлыгы менен анын ордуна Аяз Баетов Кыргызстандын Нью-Йорк шаарындагы БУУдагы туруктуу өкүлү болуп

Эттин баасын жеткиликтүү сатып алууга болот

Эттин баасын жеткиликтүү сатып алууга болот

Эттин баасынын кескин өсүшүнө жол бербөө жана калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында тиешелүү чаралар көрүлүп жатат. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Кызматтын маалыматына ылайык, учурда эттин баасынын өсүшүнө объективдүү негиз жок. Республикада малдын саны өсүп жатканы белгиленип, жайыт мезгили аяктап, малдын жайлоодон түшүшү менен эттин баасынын