Нарындагы панорамага чырактар орнотулду: долбоор 6,5 млн сомго каржыланды
Нарын шаарындагы РТС аймагында жайгашкан панорамага алып баруучу тепкич жолго күн энергиясы менен иштеген заманбап түнкү чырактар орнотулду. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чырактар шаар мэри Жылдызбек Беккелдиевдин тапшырмасы менен тургундар жана шаар коноктору үчүн ыңгайлуу шарт түзүү максатында орнотулган.
Эми панорамага алып баруучу тепкич жол кечки убакта да жарыктандырылып, шаар тургундары жана коноктору үчүн эс алууга ыңгайлуу шарт түзүлдү.
Мэриянын маалыматына ылайык, долбоор Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу программасынын алкагында 6,5 млн сомго каржыланган.

