Нурдан Орунтаев "Ала-Тоо Резорттогу" курулуштун сапатын текшерди

Нурдан Орунтаев "Ала-Тоо Резорттогу" курулуштун сапатын текшерди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарында Ак-Суу районундагы "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа курортунда курулуп жаткан ири инфраструктуралык объектилердин абалы менен таанышты.

Министрликтин маалыматына ылайык, курорттогу медициналык пункттун, лыжа жабдууларын ижарага берүү жана оңдоо имараттарынын, атайын техника үчүн гараждын, тейлөөчү кызматкерлер жана администрация үчүн каралган имараттардын курулушу текшерилди.

Ошондой эле суу менен камсыздоо жана башка инженердик инфраструктура объектилериндеги иштердин жүрүшү менен таанышты.

Учурда объектилерде жер казуу, пайдубал куруу, арматура орнотуу жана бетон куюу иштери жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, суу алуучу аянтча курулуп, ички суу түтүк тармактары тартылууда. Ар бири 1000 куб метр суу батыра турган төрт резервуар жана канализациялык-тазалоочу курулмалар да курулууда.

Бүгүнкү күндө суу алуучу аянтчанын курулушу 95%га, ички суу түтүк тармактарын тартуу 50%га, ал эми төрт ичүүчү суу резервуарынын курулушу 60%га аткарылган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Нурдан Орунтаев курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруп, бардык иштерди бекитилген талаптарга ылайык жүргүзүүнү тапшырды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук госпиталга 68 млн сомдук жабдуу берилди, операция саны 2 эсе көбөйөт

Улуттук госпиталга 68 млн сомдук жабдуу берилди, операция саны 2 эсе көбөйөт

Бүгүн Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев Sharjah Charity International жана "Ихсан-Хайрия" фонддорунун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда Улуттук госпиталдын №1 көз микрохирургия бөлүмүнө заманбап жабдууларды өткөрүп берүү талкууланды. Демилге 2024-жылы Шарджа Эмиратынын Эмиринин орун басары шейх Султан бин Ахмад

Ишкер Media
"Бишкекжылуулуктармагына" 56 миң сомго айыппул салынды

"Бишкекжылуулуктармагына" 56 миң сомго айыппул салынды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгы "Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасында пландуу текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Текшерүүдө ишкананын автотранспортторунун техникалык абалы жана атмосферага чыккан зыяндуу заттардын көлөмү көзөмөлгө алынды. Маалыматка ылайык, жыйынтыгында эки автоунаадан белгиленген ченемден ашык түтүн чыкканы аныкталды.

Ишкер Media
Араванда пахта терүү башталды

Араванда пахта терүү башталды

Ош облусунун Араван районунда пахта жыйноо башталды. Быйыл райондо 1 252 гектарга пахта айдалган. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Дыйкандардын маалыматына ылайык, быйыл түшүм мол болуп, гектарынан 60–70 центнерге чейин түшүм алынууда. Райондо негизинен кытайлык "Элита" сорту өстүрүлүүдө. Пахта өндүрүүдө тамчылатып сугаруу сыяктуу сууну үнөмдөөчү технологиялар

Ишкер Media
“Элдик Банк” жана “АБанк” шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуучу банк болуп аныкталды

“Элдик Банк” жана “АБанк” шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуучу банк болуп аныкталды

Бүгүн, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия 2027-жылдын 27-январына дайындалган КРнын Президентин кезектеги шайлоого катышып жаткан талапкерлердин жана саясий партиялардан талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн “Элдик Банк” менен “АБанк” ачык акционердик коомдорун аныктады. Аталган банктардын жана башка бир катар банктардын мобилдик тиркемелерин талапкерлердин шайлоо фонддоруна

Ишкер Media