Өзгөндө жүгөрү өстүрүүнүн заманбап ыкмалары көрсөтүлдү
Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында жүгөрү өстүрүүнүн заманбап технологияларына арналган "Талаа күнү" өткөрүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Иш-чара "Алем Агро Кейджи" ЖЧКсы тарабынан уюштурулуп, анда фермерлерге "Пионер" гибриддик жүгөрүсүн өстүрүүнүн өзгөчөлүктөрү көрсөтүлдү.
Ошондой эле жүгөрүдөн жогорку түшүм алуу, отоо чөптөргө, илдеттерге жана зыянкечтерге каршы күрөшүүнүн заманбап ыкмалары боюнча маалымат берилди.
Мындан тышкары, өсүмдүктөрдү коргоодо биологиялык ыкмаларды, анын ичинде зыянкечтерге каршы энтомофагдарды колдонуу жолдору тааныштырылды.
Иш-чара фермерлердин заманбап технологияларды өздөштүрүүсүнө, түшүмдүүлүктү жогорулатууга жана экологиялык коопсуз айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталды.



