Суткасына 800 тонна таштанды иштетет: Оштогу заводдун курулушу кайсы этапта?

Суткасына 800 тонна таштанды иштетет: Оштогу заводдун курулушу кайсы этапта?

Ош шаарында таштандыны кайра иштетип, андан электр энергиясын өндүрө турган ири заводдун курулушу уланууда. Учурда имараттын биринчи кабаты толугу менен көтөрүлүп, экинчи кабатын куруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, заводду кытайлык "Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест" компаниясы куруп жатат. Учурда объектинин бардык блокторунда курулуш иштери жүрүп, жеринде 200гө жакын жумушчу эмгектенүүдө.

Завод толук ишке киргенден кийин суткасына 800 тоннадан ашык, ал эми жылына 310 миң тоннага чейин таштандыны кайра иштетүү пландалууда. Кайра иштетүүнүн натыйжасында электр энергиясы өндүрүлөт.

Ири заводдун курулушун 2027-жылдын аягында толугу менен бүткөрүп, пайдаланууга берүү пландалууда.

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев буга чейин курулуш аянтына бир нече жолу барып, аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен таанышкан.

Мэриядан белгилешкендей, долбоордун ишке ашырылышы шаардагы таштанды маселесин чечүүгө жана айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирди азайтууга багытталган.

Бул Кыргызстанда таштандыны кайра иштетип, электр жарыгын өндүрүүгө багытталган экинчи ири завод болот.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media