Бишкекте бир жер тилкеси беш жолу сатылып, талаш сотко жетти

Бишкекте бир жер тилкеси беш жолу сатылып, талаш сотко жетти

Бишкектин "Рухий-Мурас" конушунда бир жер тилкеси үчүнчү жактар тарабынан беш жолу кайра сатылып, анын айланасында талаш жаралган. Учурда бул боюнча соттук териштирүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев аталган конуштун тургуну менен жолугуп, жер тилкесине байланыштуу маселесин карады.

2006-жылы жаранга жер тилкесин берүү тууралуу токтом кабыл алынган. Бирок ал ушул күнгө чейин документтин негизинде жерге болгон укугун мыйзамда белгиленген тартипте жол-жоболоштуруп, каттоодон өткөрө алган эмес.

Кийинчерээк аталган жер тилкеси үчүнчү жактар тарабынан беш жолу кайра сатылган. Натыйжада жерге болгон укук боюнча талаш жаралып, маселе сотко жеткен. Мэриянын маалыматына караганда, кырдаалдын жагдайларын коңшу үйлөрдүн жашоочулары да ырасташкан.

Мэр менен болгон жолугушууда тургун сунуштаган документтер жана талаштын жагдайлары каралды. Талкууга укук коргоо органдарынын, шаардык кызматтардын өкүлдөрү жана коңшу үйлөрдүн жашоочулары катышты.

Жыйынтыгында Айбек Джунушалиев тиешелүү кызматтарга документтерди кылдат изилдеп, жер тилкесин мыйзам талаптарына ылайык жол-жоболоштуруу маселесин кароону тапшырды. Укук коргоо органдарына болсо өз компетенциясынын чегинде көмөк көрсөтүү милдети жүктөлдү.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media